www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина соцтармактагы баракчасына Москвадан келгенден кийин андагы сапар тууралуу билдирүү калтырды.

"Москвадан келгенден кийин менден Атамбаев менен Путин эмне тууралуу сүйлөшүштү деп сурагандар көбөйдү. Алмазбек Атамбаев бул тууралуу толтура маек берди жана биз түзүлгөн кырдаал боюнча Конституциялык сотко кайрылдык.

Анткени, өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы өзү баш болуп, мыйзамды жана Конституцияны бузуп, ага карама каршы келген мыйзам кабыл алды. Бизде эч жерде экс-президенттин кол тийбестигин алуу процедурасы жазылбаган, ага карабай өздөрү ойлоп таап алышты. Бул башаламандыкты Башкы прокуратура - өлкөнүн башкы көзөмөл органы бекитти... алар эмне үчүн массалык эреже бузууга барышты? Алмазбек Ш. ушундай кемсинтүү, шылдыңдоодон кийин Сооронбайга колун бериш керекпи?", - деп жазды депутат.

"Менимче, булардын баарына Атамбаев көзүн жумуп деле коюшу мүмкүн. Бирок, бийликке койгон талаптар аткарылса жарашуунун азыраак болсо да ыктымалдыгы жаралат.

Негизинен, Матраимовдор тарабынан өлкөдөн чыгарылып кеткен акчалар боюнча калыс териштирүү жүрүшү керек. Жээнбеков менен Матраимовдордун декларациясы текшерилсин.

Атамбаевдин командасындагы балдар абактан бошотулсун", - деген депутат бул талаптардын аткарылышына көзү жетпегенин белгилеген.

Аягында пикирин мындайча жыйынтыктады:

"Президент албетте, бул талаптарды аткарбайт. Эч убакта! Ошондуктан жарашуу болбойт, эл да, А.Ш. дагы эч убакта кечирбейт. Атамбаев ушул кырдаалдан улам коррупция менен контрабанданын масштабын таанып билди. Эч болбогондо кеч болсун", деп "Саясат.кж" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости