www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратканыбыз ар кимге ар кандай тагдыр берет. Менин тун уулум Мирбек он жашка чыкканчакты сүйлөгөн жок.

Арийне баладан ким, бар оокатын аянат дейсиздер. Күйөөм экөөбүз тең тапкан-тутканыбызды, жыйнаган-тергенибиздин барын саттык кыскасы, барбаган оорукана менен молдо-кожо бул Кыргызстанда эле эмес, коңшулаш республикада Казакстанда да, Өзбекстанда да калган эмес.

Бирок уулумда эч бир жылыш болбогондон кийин маңдайына жазылганы ушул экен, эми колубуздан эч нерсе келбей калды деп отуруп калганбыз. Анан таңгалыштуу окуя болду.

Алты жаштан өткөндөн кийин өзүнөн өзү эле булдуруктап сүйлөй баштады. Мына эми Кудайга шүгүр өтө татаал сөздөрдө гана кичине булдуруктап кетпесе калган сөздөрү түзүк эле.

Азыр бул уулум үйлөнүп бир кыздуу болгон. Келинчеги көлдүк. Эми мактаныч эмес, Кудайга шугүр өзү теңдүүлөр катары жакшы жашап жатышат. Эми менин негизги айтайын дегеним бул.

Илгертен ата бабаларыбыз "бирөөгө ор казба, өзүң түшүп каласың" же "өйдө карап түкүрсөң, ылдый түшөт өзүңө" деп бекеринен айтышпаптыр деп калам.

Анткени менден улуу абысыным (каршылаш көчөдө коңшу турабыз) бизге караганда жакшы турушчу, үч баласы бар эле. Анан биздин үйүбүзгө келген сайын эле кайнагам менен абысыным экөө тең "балдарыңар дудук, балдарыңар келесоо" деп эле тамашага чалып сүйлөй беришчү. Алтурмак уулум Мирбекти туурап дудукча жаңсашып, шылдыңдашканда жүрөгүм тилке-тилке бөлүнүп кетсе да, тилимди кырча тиштеп эч унчукчу эмесмин, сабырдуулук кылчумун. "Эмне учүн бияктагы ата-энесине жаман тиет" деп ойлонушпайт деп өзүмчө жаман болоор элем.

Алардын жалгыз уулу Эрик жогорку окуу жайын бүтүрүп, кайсыл бир мекемеде башкы бухгалтер болуп иштеп жүрүп, өзү менен бирге иштешкен мен-мендеген бай кишинин кызына үйлөндү. Байлыгына байлык, а түгүл кадыр-баркы да көтөрүлө түшкөндөрүнө кайнагам менен абысыным ого-бетер көктү карап, өздөрүнөн ылдыйраак адамдарды теңдерине албай калышкан. Анан убакыт деген өзүнүн ылдамдыгы менен адам баласын таңдандырып келет эмеспи. Жыл айланбай эле кайнагам неберелүү болду. Атүгүл удаа-удаасы менен эки эркек неберелүү болушту дагы бир таңгалыштуусу, анан эле экөө тең чоңойгон сайын сүйлөй албай дудук болуп калышты. Баягы биздин балдарга сынтаккан кайнагам менен абысыным жаактары жап болуша кабактарын карыш түйө неберелерин алып барбаган жерлери да калган жок. Алар да куду эле биз басып өткөн жолдорду басып өтүштү. Акыры айлалары кеткенде алар да биз сыяктуу олтуруп калышкан.

Бир күнү эле абысыным чакыртып жибериптир. Барсам "эртең мени менен оштун, Гүлчө деген айылы жакта "Жылуу суу" деген мазар бар имиш. Ошол мазарга барып жакшы болуп кайтышкан кишилер менен сүйлөшүп калдым. Айтымдарында ал жер өтө касиеттүү жер экен. Керек болсо чет өлкөдөн да анын атын уккандар келип, суусунан алып кетишет тура. Эмнегедир ошол жерге баргым келип эле эки үч күндөн бери жаным жай албай жатты. Кайнага бир иштери менен кармалып барганга чолосу жетпей калды. Ошондуктан сен мени менен барып келчи" деп суранганынан макул болдум. Ошентип экөөбүз неберелери Улан, Кубанды алып аттанып алып жөнөп калдык. Алыс жер болгондон кийин эми кандай болот, анын үстүнө алжерде тааныш-билиш кишилерибиз жок болсо деп атайын машина жалдап барганбыз. Мен өзүм жол жургөндөн ушунчалык тажаган жаным, Гүлчөгө жетмегибиз тозок болду.

Аталган "Жылуу суу" деген мазарга таңга жуук жеттик. Барсак бир эркек киши ошол тегеректе жүргөн экен. Ага бул жерге эмне максат менен келгенибизди айтсак, бул мазардын касиети жөнүндө көп нерселерди айтып божурап калды. Анан ал киши бизди ээрчитип алып жылуу суу чыккан жердин өзүнө алып барды. Алгач азиз бабаларга куран түшүрдүк, ал кишинин айтымы менен арыктын ичи менен агып жаткан сууга колубузду салсак чын эле ысык суу, буу да кадимкидей чыгып турат. Ошентип ал сууга бети-колубузду жууп ырымдадык. Бирин-экин кишилер жүргөн экен. Аңгыча болбой эле өзүн Нурахмед (атын так эстей албай жатам) деп тааныштырган киши, "бул мазардын ээси ак жылан. Эгер силер бул мазарга ишенип, чын дитиңерден каалап келген болсоңор, ал ак жылан силер таштаган тыйынды ийининен чыгып келип алып кетет. Эгер касиетиңер бузук болсо, эч нерсени албай коёт" деп калды. Анан ал киши айтымы менен ал жерге түнү түнөп, жылуу суу чыккан жерге шам жагып, айтор мазар ээлерине сыйынып, Улуу жараткандан тиленип таң атканча ошол Жылуу суу мазарында болдук. Ошол түнү эле өзүмдү аябай жакшы сезип олтурдум. Ал турмак Нурахмед аба түн бир оокумдан өтүп баратканда акырын сууну карагыла дегендей ишарат кылып калды.

Баш багып карасак, сиздерге калп, мага чын, чын эле кулач менен тең аппак жылан суунун ичинен бая биз таштаган тыйынды, менин таштаганымды гана алып, абысынымдыкын албай кайра өз ийинине, же билбейм бир бурчуна келип эле жок болуп кетти. Ошондо гана абысыным өзүн аябай ыңгайсыз сезип, "менин чындап эле күнөөлөрүм көп, анын үстүнө жана бул тыйынды таштаардан мурун эмнегедир толук ишенбей туруп эле таштап койгом" деп өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып кечирим сурап калды. Ал жердеги адамдар "'эч нерсе эмес эң негизгиси өз күнөөңдү мойнуңа алып, ошол күнөөлөрүңдөн арылууга аракет кыл. Мына бул коёндой окшош неберелериңдин өмүрүн тиле, ооз-кесир сүйлөбө" деди эле, так ошондо абысыным мени карап менден кечирим сурап жиберди. Отургандар түшүнбөй калышты эле абысыным өз оозу менен аларга менин балдарымды, мени күйөөмдү кандай шылдыңга алып күлүшкөнүн толугу менен айтып, анан ошондо, "чын дилиңден мени кечирчи, ыраазычылыгыңды берчи" - деп ыйлап да жибергенинен өзүмдү күнөөлүдөй сезип, чын дилимден кечиргенимди билгиздим.

Анан ошол жердеги 50-55 терде болсо дагы аялдык сулуулук сымбатынан жазбаган, чап жаак, арыкчырай келген аял, "сиздин таңдайыңызда сөөлүңүз бар турбайбы, сиз аны байкабайт экенсиз. Эгер ишенбесеңиз тилиңиз менен издеп көрүңүзчү, азыр табасыз" деп калды. Өзүм да ишенбей тилимди оозумду нары-бери жагына булактатып олтуруп анын чын эле этке жашырылган төмпөйгөн нерсени сездим да, "таптым" дедим. Анан ошондо гана алиги келин "сиздин тукумуңузда укмуштуудай касиеттүү бир адам болгон. Ошол адамдын арбагы сизди көп колдойт тура. Алтурмак сиздин уулуңузга да ошол адамдын арбагы көп жардам берген экен" деди. Ошентип ал жерде үч күн болдук да кайтып келдик. Келип эле абысыным кой союп көзү өткөн ата-бабалардын арбагына багыштап куран түшүрдү.

Айтор, көптөгөн сооп иштерди жасады. Анан ал жерден ала келген суу менен бүт үй бүлөбүздү жуунттук, ичирдик. Баламды жетелеп алып ушунча жерди кыдырып жүрүп, бир да жолу түш көргөн эмес элем. Мына ушул Жылуу суу мазарына барып келгенден бери ошол жер, суудагы ак жылан түшүмө көп кирчү болду. Атурмак бир күнү абысынымда түш көрүптүр. Түшүндө баягы ак жылан кичүү небересин чагып, улуусун айланып өткөн экен. Анан кийин чындап эле кичүү баласы булдуруктап, ата-апаны так айтып калды. Ал эми улуусу болсо ошол сүйлөбөгөн боюнча калды. Азыр аны бул Бишкектеги дудук балдар окуган мектепке беришти. Кичүүсү болсо өздөрүнүн колунда жүрөт. Келинибиз болсо "төрөсем дагы ушундай дудук болуп калсачы" деп коркул балалуу болгусу келбей калды.

А менин Мирбегимдин кызы тыкылдап укмуш суйлөйт. Көрсө бул адамдын өзүнөн эле болот турбайбы. Анткени арамдык дегенди билбеген, акниет адам акыры жүрүп эле өз актыгын далилдей алат көрүнөт. Болбосо мына менин уулум өзү чулдураганы менен барпалаңдаган, колу ачык, кимге болсо да өз жардамын аябаган ак көңүл неме.

Ошондуктан ойлойм кызынын тили таптак болду да деп. Ал турмак ошол Жылуу суудан айткан эле, ал жерге оюу бузук адам барып, оозуна келген сөзүн ылгабай ооз кесир сүйлөй берген адам эч убакта соо чыкпайт имиш. Угушубузга караганда ошол эле аймакта жашаган адам ал Жылуу суу мазарына мас болуп келип алып, "бул жерден шайтанга берилгендер келет, шайтандар менен иш кылгандардын баары ушул жерде чогулат" деп сүйлөнүп алып үйүнө кеткен экен. Анан эртеси эле адамдар дүрбөлөң түшүп калышат. Көрсө ошол адам үйүнө жете берерде кичинекей тикенек зымга чалынып оң көзүнө кирип кетип эч нерсени көрбөй калыптыр. Ошол адам өмүрү өткөнчө таягын таянып алып, кечирим сурагандай күнүгө бир маал келип Жылуу суунун жанына отуруп кетчү дешет.

Ээ, деги эле бул дүйнө өзу сырдуу тура. Улуу жараткан Кудайым маңдайга эмнени жазса андан эч кайда качып кутула албаганыбыз менен көп нерсеге өзүбүз эле себепкер болот окшойбуз деп калам. Эң негизгиси ниетибизди тазартып, кенен коюп, адал жүрүп, ада л иш кылсак улуу жараткан Кудайым эч качан пендесин жабыркатпайт. Анын үстүнө мына кыргыз жеринде канчалаган ыйык мазарлар бар. Ошол мазарларыбызды көздүн карегиндей сактап, ыпластыкты жолотпосок, мазарлардын ыйык касиеттери көптөргө өз пайдасынан башка эч качан зыянын тийгизбейт деп айтаар элем.

Булак: Шамбала

 

 

Последние новости