www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Де - Факто" гезити айрым бийлик өкүлдөрүнө төмөндөгүдөй сууроо салган:

"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" же устачылык колуңуздан келеби?

Ал эми бул суроого ЖК депутаты, Максат Сабиров, "Жүрөгүмө багбанчылык жакыныраак", деп жооп берген.

—Таптакыр эле балта-чот кармай албаган чоркок эмесмин. Эшик - терезелерди оңдоо, майда-барат нерселерди жасап коюу колумдан келет. Өзүм жер үйдө жашагандыктан сөзсүз устачылык кылууга туура келет.

Анткен менен жүрөгүмө багбанчылык жакыныраак. Короодогу жемиштерди сугарып, отоо чөптөрдөн арылтып коё турган иштерди жасагандан ырахат алам,

Балдарың менен кобурашып, жумуштарды бүтүргөндөн өткөн нерсе барбы?, деген Максат Сабиров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости