www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Кочкор айылында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду колдоо митинги өтөт. Бул маалымат тууралуу КСДП партиясынан билдирген.
Маалыматка караганда, митинг 29-июлда саат 15:00дө өтөт.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.
Соттун имаратынын жанына Сапар Исаковдун тарапташтары куттуктоо баннерин орнотушкан.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков бүгүн 42 жашка толду. Анын туулган күнүнүн урматына тарапташтары Сапар Исаковдун сүрөтү түшүрүлгөн жана «Сапар Исаковго эркиндик» деген жазуусу бар футболкаларды кийип, гүл берип куттукташты.
Эскерте кетсек, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупцияга коррупциялык иштерге катыштыгы болгон деген айып менен камакка алынган. Азыркы тапта бул иш боюнча сот процесси жүрүп жатат. Бирок анын адвокаттары айыптоочу тарап эч кандай далилдерди келтире албай жатканын бир нече ирээт айтышкан. Сапар Исаков өзү болсо ишти ачык эле саясий буюртма экенин белгилеп келет.
Булак: NazarNews.kg