www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул каарманыбыздын  тагдыры абдан аянычтуу экен. “Үпөлсүз эми кантип жашайм?”-деп кайгырган Нурбек мырза өз башынан өткөн армандуу махабаты тууралуу бизге төгүлүп-чачылып буларды айтып берди. Чындыгында тагдырына балта чабылыптыр, кайран жигиттин... 

-Жакшынакай маанай менен үйлөнө турган учурда минтип  тагдырдын оор соккусуна кабылдым. Учурда эмне кылаар айламды таппай кыйналып турган кезим. Эмесе кеп башынан болсун. Студент болгон күндөн тарта өзүмдүн группамдагы бир кызды жактырып калган элем. Ал кыздын аты Үпөл.  Алгач экөөбүз таанышканда Үпөл таң калганын жашырбай: 

-Кудая тобоо. Экөөбүз аябай окшош экенбиз. Балким  биздин атабыз бир эле киши болбосун ,- деди эмнегедир сырдуу тиктеп.  -Койчу тамашаңды. Эми окшош адамдар болот да. Сен аксылык, мен таластык  болсом экөөбүз кайдан бир  тууган болмок элек? - дедим анын бул сөзүнө эч маани бербей. 

Ошентип экөөбүз ушул күндөн тарта кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык. Өзүм менен чогу окуган бир досум күтүүсүздөн бир күнү: 

-Экөөңөр баш кошсоңор бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын сөзсүз толуктайт болушуңар керек. Анын үстүнө турмушта аялы менен күйөөсү окшош болуп калган учурлар да кездешет эмеспи. Мен муну ошон үчүн айтып жатам, - дегенде күлкүм келип: 

-Каяктагы жомокту айтпачы. Андай болушу эч мүмкүн эмес, - деп айткан соң колумду шилтеп сөздү башкага буруп кеттим.

Убакыт учкан куштай сызып биз 1-курсту аяктадык. Бул учурда Үпөл экөөбүз үйлөнө турган деңгээлге жетип калган элек. Ошондо шаарга зарыл жумуштары чыгып калып атам айылдан келгенде Үпөл менен тааныштырган элем. Экөө жакшы эле сүйлөшүп отуруп Үпөлдүн ата-энеси тууралуу сурагандан кийин атамдын өңү бир өзгөрүлө түшкөнүн байкап калдым. Айрыкча апасынын атын билгенден кийин көпкө ойлонуп туруп калды. Анан чочуп кетип: 

-Кечирип койгулачы. Мен айылдагы көйгөйлөр эске түшүп кетип  катуу ойлоно түшкөн турбаймынбы. Сен абдан ыймандуу кыз экенсиң. Бактылуу бол айланайын. Балам менен өзүнчө сүйлөшө турган сөздөрүм бар эле. Эми биз кетели, - деди Үпөлдү карап күлүмсүрөп.  Үпөл болсо биз менен коштошуп алып акырын жылып кетти. Андан соң балээнин баары шаардагы байкемдин үйүнө келгенде башталды. Башын мыкчып ызырынган атам: 

-Сен жанагы кызга үйлөнгөнү жатасыңбы? - деп кабагын бүркөгөндө мен ыңгайсыз абалда болуп: 

-Ал кыз сизге жакпай калдыбы? - дедим оозумду араң кыбыратып.  Ошондо атам ордунан тура калып: 

-Жаккан, жакпаганынын азыр мен үчүн айырмасы жок. Ал сенин бир тууган карындашың болот!  Уктуңбу?! - деди муштумун түйүп мага кол салчудай түр көрсөтүп. 

-Түшүнбөдүм. Кандайча? - дедим  дагы эле иштин чоо-жайын билбей.  Кейиген атам мага ошол учурда баарын ачык айтып берди. Көрсө, ал тээ бир учурда  жаштык - мастык кылып Үпөлдүн апасы менен жакындашып койгон экен.  Үпөл төрөлгөндөн кийин кызынан эч кабар албаптыр.

Кийинчерээк  атамдан таптакыр үмүтүн үзгөн Үпөлдүн апасы башка кишиге турмушка чыгыптыр. Мындай жагымсыз маалыматтардан кийин Үпөлгө чындап жете албасымды билип, жакшылыктан биротоло үмүтүмдү үзүп  атам менен болсо таптакыр  сүйлөшпөй калгам. Атама таарынганым аз келгенсип бир туугандарымдан да кол үзгөм.

Чынын айтсам азыр мен үчүн жашоомдун кызыгы кете баштады. Россияга кетип калсамбы деп оолугуп турам. Мени башка эч нерсе кызыктырбайт. Үпөлсүз эми кантип жашайм?.. 

Нуркемел Исаев

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости