www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери - КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Мухамедкалый Абылгазиев катышты.

Көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин 1/3 түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.

- Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат, - деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика - Ата-Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчы парламенттеги көпчүлүк коалициянын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыларын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш берди.

Өкмөттү отставка кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости