www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад областында жазгы талаа иштерин өз убактысында сапаттуу жүргүзүү үчүн техниканы даярдоо жана жер семирткичтер менен камсыздоо иштери колго алында. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апаратынан билдиришти.

Азыр областта 18 техникалык сервистер иштеп, анын ичинен 6 ашина-трактор бекеттери үстүбүздөгү жылы уюштурулду. Аладын экөөсү Чаткал районунда,бирөө Сузакт, экөө Ала-Букада жана экөө Тогуз-Торо районунда түзүлгөн. Ал эми областта баары болуп иштетилүүчү 2709 даана трактор болсо, анын 83 пайызы, 1254 даана соколор болсо, анын 95 пайызы, 2966 малалар болсо, анын 95 пайызы, 323 даана себүүчү агрегаттар болсо, анын 89 пайызы, 590 даана культиваторлор болсо, анын 89 пайызы 16-апрелге карата даярдык абалына келтирилген.

Ал эми мол түшүмдү камсыз кылуу үчүн област боюнча минералдык жер семирткичтерге муктаждык 30 миң 426 тоннаны түзөт. Анын ичинен амиак селитрасынан 19 миң 189 тонна, карбомидден 11 миң 237 тонна керек болот. Апрелдин жарымына чейин эле 13 миң 542 тоннаже муктаждыктын  45 пайызыкамдалды. Камдалган минералдык жер семирткичтерден 1 килограмм амиак селитрасынын баасы 15-17 сом, карбомиддин баасы 18 сом жана аммофостун баасы 27 сом болуп, баалар 2017-жылдын деңгээлинде сакталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости