www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу “ӨкүМАТ” башчы Сапар Исаков башында турган өкмөт отставкага кетти.

Ал тургай Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 19-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

“ӨкүМАТ”башчы Сапар Исаков, башында пиар жагын жакшы жүргүзүп, бир топтор “бийликке жаштар келди”, деп кол чапкан. Тилекке каршы, кадр маселесин “кадыр” маселесине айлантырган Сапар Исаков баштаган өкмөттүн ишин «канааттандырарлык эмес» деп табууга көптөгөн негиздер бар.

Алсак, «Лигласс», «Хуавей» долбоорлорун баштап, «Мегакомду» сатуу боюнча эл аралык шылуундарды алып келип, аларга Кыргызстандын экономикасына кол салууга шарт түзүп бергендиги кечирилгис. “Лиглассты”, «Хуавейди» жана Нагорнаянын тарыхын чукуп чыгып, чуу чыкканда гана ал долбоорлор токтоду. Бул бир чоң катасы. Экинчи негизги катасы парламент менен, эл менен эсептешпей туруп, «Кумтөрдүн» жаңы келишимине кол коюп койгон. Бул келишим Кыргызстанга болгон учүнчү кыянаттык. 2003-2009-жылдары да «Кумтөрдүн» тегерегинде өзүм билемдик орун алгандыгын, ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Тактап айтканда Сапар Исаков, 2017-жылы 25-августта премьер-министр болуп дайындалса, 11-сентябрда "Кумтөр" келишимине эч кимдин руксааты жок(16 күндөн кийин) кол коюп берген. Бул эмнени билдирет? Өзүм билемдик менен бир тараптуу чечкендигин...

Эми бизген жеткен малыматтарга таянсак, өлкөбүздүн 23 - Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев болуп калышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, биздин маалымат агенттик январь айында, Сапар Исаков, апрель айында кызматтан кете тургандыгын жазган элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости