www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Ишенбай Дүйшенбиевич, «парламентте коалициялык көпчүлүк ураганы турат» деген маалыматтар айтылууда. Абал ошого жеттиби?
- Менимче, коалиция күзгө чейин урабайт. Ураганга саясый негиз болуш керек. Сапар Исаковду кызматтан алыш үчүн альянсты таратуу керек болуп жатса, анда билбейм, тарабай деле жаңы премьерди шайлап койсо болот. Бирок, Сапарды кетиргенге кимдин кандай кызыкчылыгы бар? Парламентгеги башкаруучу коалициянын курамында КСДП, «Кыргызстан» позициясы белгисиз «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» фракциялары бар. Кимиси өкмөт башчыны алмаштырганга кызыкдар? Кызыкчылык качан гана «тигил же бул адамды коёлу» деген учурда болот. Азыр андай жок болгондон кийин, ага эч ким тийбейт. «Кызматтан кетсин», «тигиндей иштеп жатат, мындай кемчиликтерге жол берип жатат» деген сындоолор боло берет. Аны кетирүүчү экинчи учур президент тараптан болуп, башка адамды өкмөт башчылыкка алып келүү оюнда болсо, коалицияны таратып ийет. Жа-ңы президент Сооронбай Жээн-бековдун мындай оюн көрбөй турам. Анан дагы ким билет?.. Саясатта өтө тез өзгөрүүлөр болуп кетет. Азыркы окуялар өрчүп кетчү болсо, урап деле кетет. А бүгүнкүдөй акыбал менен урабайт. Фактура жок.
- Бирок, азыркы абал өкмөт башчыны алып түшүүгө жеттиго?..
- Бирөөнү алмаштырарда горизонтто башка киши туруш керек. Сапар Исаковдун ордуна келе турган адам коалициялык көпчүлүктүн кызыкчылыгьш канааттандырабы, кеп ошондо. Иса Өмүркулов менен Сапар Исаковдун эмне айырмасы бар? Экөө тең КСДП кишилери. Анүстүнө коомдо Сапар Исаковду өтө деле жамаңдаган күчтөр жок. «ТЭЦ окуясын шылтоолоп аны кетире калалы» деп жатышса, аларга Атамбаев жооп берди. «Сапардын тиешеси жок, ал сентябрда эле келди, ТЭЦке Жээнбековдун тиешеси бар» дегендей сөздү айтып койду...
- Съездден кийин КСДПда чоң ажырым болду. «Фракциядагылардын 70 пайызы Жээнбеков тарапка ооду» деген маалыматтар айтыла баштады. Бул маселе чечпейби?
- Саясатта өз деген нерсе жок, кызыкчылык деген бар. Эгер Жээнбеков «КСДПдан эмес, тилин ала турган башка адамды алып келип коём» деген ою болсо, анда бир жөн. Азырынча Сапар мырза Жээнбековдон ийменип, моюн толгобой, айтканын жасап жатат менимче. Жаз алды менен «парламент тарайт экен» деп чыкканбыз. Ал деле жөн гана сөз болбодубу. «Альянс урайт» деген дагы ошондой эле сөздөрдүн бири болуп калышы мүмкүн.
- Башкы прокурордун тагдырын парламент чечип, кетиришти...
- Прокурорду алыш үчүн Конституциянын негшинде депутаттардын үчтөн экисинин добушу эле жетет. Демек, бүгүн КСДПчылар партиянын чечими жок, же балким чечимге каршы добуш беришип, Жолдубаеваны алып түшүштү. Бул деген КСДПнын күнү бүттү деген белги. Асылбек Жээнбеков азыр КСДПдагы көп добуштарды көзөмөл кылып жаткан адам.
- Ал киши өз алдынча партия түзө турганы айтылды эле...
- Ал азыр партия түзө албайт. Фракциядан чыгып кетип, эркин депутат болуп кала алат. Бирок, бул кадам партияны талкалаштын амалы болот. Бул жерде дагы жанагы эле канчалык кызыкчылыгы бар (?) деген суроо турат. 2020-жылкы шайлоого чейин парламентти таратып, «жаңы партия түзө калып, келип алабыз» десе, анда алар түндүктөн колдоо алалбай калышы мүмкүн. Жалаң түштүктүктөр келе алышпайт. Бир гана учурда, түштүк-түндүк маселеси болбой, бир күчкө, бир партияга бириккенде гана келе алышат, ошондо да кыска убакытта үлгүрүшпөйт.
- Экс-президент Атамбаев да «КСДПны күчтөнтүп, 2020-жылдагы шайлоого катышам» деди...
- Атамбаевдин КСДПсы келбей калды го. Партиясында чоң жарака кетти. Буга партия лидери өзү күнөөлүү. Таасирин да, кадырын да өз колу менен жоготуп жатат. Жээнбеков элдин добушу менен президент болуп шайланды. Эми ал президент, Атамбаев эмес. Экс статусу менен сыйын билип, унчукпай, тийишпей, сын-пикир айтпай, шүк отурса болмок. Президент болбой калганын унутуп калып, «баягыдай эле башкарам, муну да башкарып алам» деген ой менен иштей баштады эле, аброю кетти. 7-ап-релде куран окуткан жерге барбай коюп, өзүнө да, партиясына да чоң зыян келтирди. «Ооруп калган экен» десек, ошол күнү кечинде өзүнүн «Апрель» телеканалынан сүйлөдү. 8инде куландан соо Кытайга учуп кетти. Бул кадамдары саясый лидер катары өз келечегин талкалаганы. Ушу жол менен кетип отурса, 20-жылга чейин телеканалы болсо да, акчасы болсо да, колдоо таппай калат.
Динар ТУРДУГУЛОВА
Булак: АЗИЯnews