www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли унутчаак келеби, айтор азыр камакта жаткан Садыр Жапаров, “3 тонна кыргыз алтыны уурадалып бара жатат”, деп зар какшаганы эсибизде. Эми кайрадан ошол 3 тонна алтын жөнүндө жазган китебинен үзүндү келтиребиз.

--Ак калпак калктын түйшүгү, кайгы-муңу, азап-тозогу тегирмендин ташында айланып жатты. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго куйрук, учарга канат болчу бир жан жок, жан дүйнө муздак дубалдардын курчоосунда калгандай. 2011-жылдын 30-октябрь күнү президенттик шайлоо болуп, элдин баары шайлоо бурганагы менен алек болуп жаткан эле. УКМК нын кызматкерлери келип,

- Бүгүн түнү аэропорттон Түркияга 3 тонна алтын чыгып кеткени жатат, депутаттар силер кармап калбасаңар, биздин тишибиз өтпөйт. Башында үлкөндөр турушат, - дешти.

Дароо эле көзөмөлгө ала баштадык. Спикерге кирип, иштин жагдайын айтып, кармайлы десем:

- Фракция лидерлерин чогултуп айт. Кармагыла, - деди.

Ө.Текебаевке бардым. Ал чөнтөк телефонун берип,

- Чалсаң, дароо жетип барам, - деди.

Куловко айтсам ал да, - даяр болом, дароо жетип барам,- деди. Камчыбек Ташиев болсо, шайлоо менен алек болуп жүргөн. Чыныбай Турсунбеков менен Канат Исаевке айтканыбыз жок.

Анткени, Атамбаев премьер-министр, Бабанов биринчи вице премьер-министр эле. Анализдеп баштадык. “Отунбаева жалгыз чыгарышы мүмкүн. Атамбаев жалгыз чыгарышы мүмкүн. Бабанов болсо, экөөнүн бирөөсүсүз чыгара албайт. Ошентсе да, фракция башчыларына айтпай эле туралы” деп чечтик.

Териштирип көрсөк, бир ай мурда Түркияда жер титирөө болгон. Ошол шылтоо менен бир самолёт гумжардам жөнөтүмүш болуп, арасына үч тонна алтын жүктөп кетип жатышкан экен. Ал гумжардамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коштоп барат экен. Министр Болот Борбиев биздин фракциядан эле. Ага телефон чалсам, Токтогул районунда жүргөн экен,

- Менин орун басарым Боронов коштоп барат, - деди.

Камчы Ташиев мага Бороновду чакырып берди. Экөөбүз сүйлөшүп олтуруп,

- Сизди кыргыздын мекенчил жигиттеринин бири деп эсептейм. Ошондуктан, сизге аэропорттон самолёт даяр болду, учат деген убакта мага кабарлап койсоңуз, - дедим.

Макул болду. Гумжардамды Ак үйдө эл аралык иштерди тейлеген Сапар Исаков аттуу жигит уюштуруп, ошол көзөмөлгө алып жатканын айтты. Сапар Исакавко телефон чалдым.

- Бишкекте ишкер түрк достор бар эле. Алар дагы бир тонна гумжардам чогултуп коюшкан экен. Самолётто орун болсо, сала кетпейсиңерби деп суранып жатышат, - дедим. Бул жөн гана текшерүү эле.

Сапар Исаков кечки саат бештерге чейин жообун бермей болду. Жооп болбогондуктан, кечки саат 8 дер чамасында кайра чалдым.

- Самолётто орун калбай калыптыр, ошол себептен алып кете албайт экенбиз, - деген жообун айтты.

Аэропортто иштеген тааныш балдарга барып, самолёт учаарда кабарлап коюуларын өтүндүм. Ошентип, күтүп жаттык. Ал түнү эмнегедир самолёт учпай калды. Сыягы, аңдып калышты деген кабар жетсе керек. Эртеси кечке маал интернеттен кабар тарады. Түркияга гумжардам жеткирген Кыргызстандын самолёту токтоп турган самолётту канаты менен сүрүп кетип, ремонттоо үчүн Анкарага жөнөтүлдү деген. Көрсө, түнү учурбай, эртеси эртең менен күтүүсүз тездик менен учуруп жиберишкен экен. Ошентип, үч тонна алтынды Түркияга чыгарып кетишти. “Кудай ишимди келтирди, кудай түшүмдү оңдоду” деген кептей, операциялары ишке ашып кетти. Кармай албай калдык. Балким, мен сүйлөшкөн депутаттардын арасынан бири жеткирип койдубу, ким билсин? Биздин аңдыганыбызды билип, көз жазгырып кетишти. Жетиштүү фактылар бар эле. Бул иш боюнча Баш прокуратурада иштеген түптүк тергөөчү жердешим иш баштап бара жатып, тык токтоду. Канатын кайрып коюшту окшойт, деп жазат экс-депутат Садыр Жапаров китебинде.

Мына сага, “балапан” Сапар Исаков жоголгон 3 тонна алтындын изин билет. Демек, “ӨкүМАТ” Сапар Исаковду тезинен тийиштүү органдар көзөмөлгө алыш керек. Жоголуп кеткен 3 тонна алтын табылса, Кыргызстан тышкы карызынан жөн эле кутулуп кеткидейбиз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости