www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Жеңиш мырза, сиздин соттук ишиңиз кайсы алкакка жетти, кыскача түшүндүрмө берип кетсеңиз?

-- Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишин ачуу акылга сыйбаган нерсе. Мага 4 берене менен кине коюшуп, бир дагы факты жок. Жалпысынан, октябрь окуялары боюнча 105 том токулган. Бул жасалма иштер, жомок. Тынчытуу максатында козголгон айла жоктун иши.

Тергөө 7 ай жүрүп, иштин сотко өткөнүнө 5 ай болду, бүгүнкү күнгө чейин биринчи соттук процесс боло элек. Бул көпкө узарчудай. Мен болгону үй камагына чыктым. Түрмөдө жалпысынан 271 күн отурдум.

-- Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчылардын ишмердүүлүгү эркинби же бийлик тарабынан кысым барбы?

-- Азыр бийликке оппозиция өздөрүнө-өзү болуп атат. Алардын чыгарган чечимдери, кабыл алып жаткан мыйзамдары, кылган иштери далил экенин айтпасак да түшүнүктүүдүр. Ал эми оппозициялык саясатчылар бизде саналуу.

Дүйнөдө дуулдап согуш болуп жатканы биздин өлкөгө залакасын тийгизбей койбойт. Эгер элди ойлосок, саясый кадамдарды убактылуу токтото туруш керек. Ошондуктан оппозиция, пропозициясы бир турганыбыз шарт. Бирок, оппозициялык саясатчылардын ишмердүүлүгү эркин эмес экенин ЖМК өкүлдөрү жана жалпы эл билет.

Баш көтөрүп, чындыкты айткандар суракта, алардын катуу айтып чыккандары камакта болуп калышы мүмкүн. Бул жакшылыкка алып келбейт. Биз бир нерсени унутуп коюп атабыз, оппозиция – бийликке душман эмес.

Оппозиция – өлкөнү өнүктүрүүдө көз карашы башка, бийликтин туура эмес кылган иштерин ачык сындап, түздөп турган саясый күч. А чынчынында бийликтин эң биринчи душманы – кошоматчылар, жанында жүргөн кээ бир “жетим жүгүрүктөр”. Мына ошолор бийлик төбөлдөрүнө чаң жугузбай мактап атып, аңга түртүшөт.

Бир учурда Акаевди, кийин Бакиевди, андан соң Атамбаевди, жакында эле Жээнбековду саткандар бүгүнкү бийликтин этегине уйгактай жармашып, чырмашып отурушат. Президент этият болбосо, эң биринчи ушулар сатып кетишет. Анан жаңы келгенин көкөлөтүп кол чаап тосуп алышат...

-- Учурда эмне иш менен алексиз, саясаттан четтеп кете элексизби?

-- Саясатчынын саясый кадамдары чектелсе же өзү чектеп алганга өбөлгө түзсө, саясаттан чыгып кеткени дурус. Мен жана командам саясый ишмердүүлүгүбүздү токтоткон жокпуз. Иш жүрүп жатат. Кудай буюрса, баары жакында...

Булак: Азия News гезити

Последние новости