www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден: «Мен Си Цзиньпинди коркуткан эмесмин»

Кытай өзүнүн экономикалык келечеги Орусияга караганда Батыш менен көбүрөөк байланышы бар экенин түшүнөт, деп билдирди АКШнын президенти Джо Байден. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Менин оюмча, Кытай өзүнүн экономикалык келечеги Орусияга караганда Батыш менен алда канча тыгыз байланышта экенин түшүнөт. Ошондуктан, мен ал кийлигишпейт деп үмүттөнөм», - деди Байден

Ошондой эле, Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жакында болгон видео сүйлөшүүнүн мазмунун да жарым-жартылай ачып берди. Байдендин айтымында, ал тараптан Кытай лидерине эч кандай коркутуулар болгон эмес, бирок ал Украинадагы окуялардын контекстинде Орусияга колдоо көрсөтүлсө, анын кесепети кандай болорун «так түшүндүрүп берген».

Эске салсак, АКШ жана Кытай лидерлеринин Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө 18-мартта сүйлөшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости