www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жен Псаки Ак үйдүн басма сөз катчысы болот

АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байден өзүнүн коомчулук менен байланыш командасындагы дайындоолор жөнүндө жарыялады.

Негизги кызмат орундарын аялдар ээлейт. Команданы Байдендин шайлоо штабынын коомдук байланыш бөлүмүн жетектеген Кейт Бедингфилд башкарат.

Америка эли менен түз жана ачык-айкын баарлашуу— президенттин негизги милдеттеринин бири жана бул командага өтө чоң жоопкерчилик тагылды. Мен бүгүн сыймыктануу менен жалаң аялдардан турган Ак үйдүн коомдук байланыш бөлүмү боюнча командасын жарыялайм", — деп айтылат Байдендин өткөөл командасынын сайтында.

Маалым болгондой Байден Ак үйдүн басма сөз катчылыгына Мамдепартаменттин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Жен Псакини дайындоону пландоодо. Псаки “Твиттердеги” баракчасына Джо Байден менен иштөөнү сыймык катары эсептей турганын жазып, америка элинин ишенимин калыбына келтирүү үчүн болгон күчүн жумшай турганын айтты.

Эске салсак, Жен Псаки 2011-2013-жылдары Барак Обаманын маалымат катчысы болгон, андан кийин эки жыл Мамдепартаменттин атайын өкүлү катары иштеп, Украинанын чыгышындагы жаңжалдар боюнча комментарий берип турган.

2015-2017-жылдары Псаки Ак үйдүн коммуникациялар боюнча директору болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости