www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңишбек Жумакадыр: «Нан уурдап сотто суралган бала»

Нан уурдап жаткан адам кармалып жатса, бийликтегилер уялганынан жерге кирип кетиши керек. Мындай пикирди Кыргызстанга белиглүү акын Жеңишбек Жумакадыр өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«АКШда 14 жаштагы өспүрүм супермаркеттен нан уурдап жаткан жеринен кармалып калат. Бала камакка алынып, кылмыш иши козголот. Чечим чыгарардан мурун, сот баланын акыркы сөздөрүн уккусу келип кайрылат:

Сот: Эмне үчүн уурдадың?

Бала: Мага нан керек болчу.

Сот: Уурдабай эле сатып алсаң болбойт беле?

Бала: Мен аны сатып алганга акчам жок болчу.

Сот: Бирок үйүңдөгүлөрдөн акча сурасаң болот эле да?

Бала: Үйдө жалгыз апам эле бар. Ал дагы оорулуу, жумушсуз... Ошондуктан, мен сыр менен нан уурдоого туура келди.

Сот: Жумушуң жокпу дейин десем, али кичинекей экенсиң.

Бала: Мен унаа жуугучта иштедим. Бирок, бир жума мурун апамды караганга уруксат сурасам жумуштан кууп ийишти.

Сот: Башка жардам сураганга эч ким болгон жокпу?

Бала: Мен күн сайын үйдөн чыкканда, жок дегенде элүү дарекке өзүмө ылайык жумуш издеп барам. Бирок бири да жумушка албады. Айла жок апамды ойлоп нан уурдоого туура келди.

Баланы угуп бүткөндөн кийин сот өз чечимин жарыялады:

- Уурулук, айрыкча НАН уурдаган бул өтө уят кылмыш. Бирок, коом катары биз күнөөлүүбүз.

Бул баланын кылганына ушул залдагы адамдардын бардыгы күнөөлүүсүңөр. Мен дагы күнөөлүүмүн. Сотко катышкан ушул жердегилердин ар бирине 10 доллардан айып салынсын.

10 доллардан бермейинче сот залынан эч ким чыкпасын!

Баары 10 доллардан бергенден кийин, баланы полицияга өткөрүп берген супермаркеттин ээсин сот 1000 доллар айыпка жыгат.

Өкүмдү уккандан кийин, бала токтоно албай ыйлап кирет.

Сот дагы көз жашын тыюуга аракет кылып, сот залынан чыгып баратып мындай дейт:

«Нан уурдап жаткан адам кармалса, бул өлкөдө жашап жаткан бардыгыбыз уялышыбыз керек. Айрыкча бийликтегилер уялганынан жерге кирип кетиши керек ...», - деп белгилеген акын Жеңишбек Жумакадыр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости