www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинде да совет мезгилинде куугунтук жегендерди  алсак, учурунда Сталиндик сыйлыктын лауреаты, кыргыздар эегемендүүлүктү алган соң кыргыз жазуучуларынын патриархына айланган, президент Аскар Акаевге ак калпак кийгизип, демократиялык заманга кадам койдук деген ишеним менен дүйнө салган Түгөлбай Сыдыкбеков, “Сынган кылычы” менен заманында  “сынып” калган Төлөгөн Касымбековдор болгон. 

Сталин жана Көлтөңбай

Ал кезде жогорку наамдардын барын эмне болсо да Иосиф Сталин өзү чечкен. Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан ар бир чыгарманы окуп чыккан дешет. Керек болсо кан күйүп жаткан Улуу Ата-Мекендин согушта маршал Жуковду чакырып калат. Жуков байкаса Сталин китеп окуп, Жуков киргенде китепти тескери коюп, терезени көздөй басат, кан күйүп жатса, Сталин эмне китепти окуп жатат деп Жуков кызыгып ал басып кеткенде, китепти оңуна буруп карайт, ошондо кетип бараткан Сталин: “Ии, эмне китеп экен?”-деп далысынан байкаптыр.

Сталин окумайын берилбей турган Сталиндик сыйлыкка кыргыздардан биринчи жолу “Биздин замандын кишилери” романы үчүн Түгөлбай Сыдыкбеков татыктуу болот. Бул романында интернационалдык достукка жамынып кыргыз эмес, жалпы советтик адабиятта Түгөлбай Сыдыкбеков немецти башкы каарманга  айланткан. Немецтерди, айрыкча улутчул фашисттик немецтерди жек көргөн Сталин Волга боюндагы немецтерди “таранчыга куш тийгендей тепкилеп”, ал кездеги Орто Азия республикаларына чачкан. Алардын кийинки тагдырлары кандай болду кызыктыбы, немец башкы каарман болсо да бул китепти окуп чыгып, Сталин Сталиндик сыйлыкка көрсөткөн. Немецтер жөнүндө уласак, кайра куруу келип, эгемендүүлүктү алган соң, алар Германияга кайрылгыс болуп кетишкен.

Лев Толстой Орусиянын Шаа атасы (духовный отеци) болгон

Лев Толстой дүйнөлүк орду бар, салмактуу жазуучу.  Ал көзү тирүү кезинде эле, орус императорлору менен теңтайлаш болуп, Орусиянын Шаа атасына же орусча айтканда “духовный отецине” айланган. Ал мезгилде Орус империясына азыркы мамлекеттер: Польша, Финляндия, Латвия, Литва, Эстония, Молдова, Украина, Белорус, Грузия, Армения, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан баш ийе турган. Лев Толстой карапайым калкка болушуп Шаа ата катары маселе көтөргөндө Ак падыша Никелейдин маалыматтары “талаада шыбак терип калышчу” дешет. Бирок кудайдын жазмышы менен, Толстой 1910-жылы кемпиринен качып, талаалап жүрүп көз жумат.

Ал эми кара сөздүн кеменгери Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Көл өрөөнүндөгү Кең-Суу деген жерде туулган. Анын энеси Айымкан он жети бала төрөгөн экен, ал кезде оору-сыркоону дарылай турган дарыгерлер жок, аз убакыттын ичинде жети уул, төрт кызы же он бир баласы чечектен өлүп калышат. Ата менен эне ушунча баласынан ажырап мөгдүрөп турган кезде, алардын бактысына уул төрөлөт. Көздөрү өтүп кеткен бир туугандарын түгөлдөп турсун дешип, шум өлүмдөн жүрөгү түшкөн ата-энеси атын Түгөлбай коюшат. Түгөлбай ата мээримин кандыра жыттабаптыр, ал акыл-эси толук жетиле элек эки жашында эле атасынан айрылып, калган топ жетимдер энесинин тарбиясында калышат. 1914-жылы Ак падыша Никелей дүйнөлүк согушка кирип, империянын курамында жашаган элдерге алаамат күн башталат. Падышанын казынасына бериле турган ыгым-чыгымдар көбөйүп, элден эсепсиз мал-мүлк жыйнала баштайт.

Адам этин жедирген - Үркүн

 1916-жылы 25-июлда мурун айтылган келишимдерди бузуп, Орто Азия элдерин согуш болуп жаткан жерге оорукка жумушчу күчү катары алууга Указ чыгат.Келишим боюнча ал мезгилде Орусия империясынын курамына кошулган калктар белгилүү мөөнөткө чейин аскерге алуунуга болмок эмес. Бул Жарлык ансыз деле араң турган элдин кыжырына тийип, отко май куйгандай эле болот. Ал кезде столыпиндин айыл чарба реформасына таянып, сырттан ооп келген мужуктар титулдук калктын ээлери кыргыздарды тоо-ташка кубалап, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерди тартып алып жаткан. Кыргыз элин, айрыкча алсыздардын ата конушун тартып алуу, аларды сыртынан бийлеп, жерин сатып жиберүү күч алган.

1916-жылы орус империясына каршы чыккан кыргыздар үркүп Кытайга көчө баштайт. Алар менен кошо төрт жаштагы Түгөлбай да кошо качат. Биздин муун Үркүндү башынан өткөзгөн адамдардын сөздөрүн тыңшап өстүк. Алардын Үркүн тууралуу айткандары бизге жомок сыяктуу эле, каткан нандын күкүмүн да жерге түшүрбөй, ошол Брежневдик бейкут заманга ыраазычылыгын билдиришер эле. Үркүн учурунда абдан оор кыйынчылыктар башынан өтүптүр. Жолдун бары кар-музда тоголонуп өлүп жаткан өлүктөр. Балдарынын курсагы ач, эмнеси болсо ошол болсун балдар ачтан ыйлабасын дешип адамдын өлүгүн бышырып берген учурлар да болгон экен. Аттиң, дүйнө адамдын этин айласы жогунан гана беришкендир, бир ошол кездеги Үркүнгө катышкандарга ишенип, бир ишенбей кетебиз. Ишенгенибиз адам этин жегендери чын окшойт, анткени аялдардын желини гана жумшак болот экен, калган жери эптеп эле бирдеме дешчү, бир кезде Үркүндү көргөндөр, үрөйүбүз учуп тыңшап укчубуз. Накта ааламат болгон окшойт!

1916-жылы Үркүн бүтүндөй Көл өрөөнүнүн айылдарын кучагына алган. Сыдыкбектин үй-бүлөсү да үркүп барып, Текести байырлашат. Бул жерде бир жылча туруп, казак жеринде баш калкалашып, 1918-жылы гана Түгөлбай алты жашка толгондо мекенине кайтышат. Күнүмдүк оокаат үчүн алты жашар бала энеси менен ар кимдин колунда төрт жылдай жалданып иштеп жүрдү. Түгөлбайдын оюнан окуу кетпей койду, кат сабатын ачуу үчүн молдого барып арабча сабатын ачкан.

Патриарх Түгөлбай Сыдыкбеков

Совет мамлекетинин учурунда чыгармачылыгы гүлдөп өскөн Түгөлбай Сыдыкбеков көптөгөн чыгармаларды жазып, кыргыз элинин маданий мурастарын арттырды.   Акыйкат үчүн тике турган Түгөлбай Сыдыкбековдон ал чыгармачылык менен алпурушуп жаткан кездеги орус, республиканын башында турушкан Кыргыз республиксынын биринчи секретарлары андан сестенип, дагы кайсы жерибизден өөн таап жиберет деп турушчу экен. Себеби, Түгөлбай Сыдыкбеков чындыкты тике айтып кыргыз элинин Шаа атасы (духовный отец) болгон. Түгөлбай Сыдыкбеков бөтөнчө бир эргүү жана кажыбас өндүрүмдүүлүк менен иштеген. Ал карапайым калктын кайгы-капасын да кошо бөлүшүп тарткан. Ал мезгилде улуу СССР мамлекетин Москвадан Саясий Бюро башкара турган. Жетимишинчи жылдары социалисттик мамлекеттердин телеэкранын “Интервидениени” дүрбөтүп, калп-чын аралашкан “Освобождение” деген немецтик фашизм менен орус элинин Улуу Ата-Мекендик согуштагы  кармаштары тууралуу фильм жарыкка чыгат. Бул телесериал бир жактуу, мүчүлүштөрү көп болгон. Кремлге, Саясий Бюрого жагынган ошол кездеги атак-даңктуу орус, советтик ар бир калемгер бул  телесериалды даңазалап жатып калышат. Бир гана Түгөлбай Сыдыкбеков бул телесериалда кеткен кемчиликтерди санап жүрөгү майышпай Москвага Саясий Бюрого кат жөнөткөн.  Ушул катынан соң өзүн-өзү түйшүккө салган Түгөлбай Сыдыкбековго ошол кезде мамлекетти чимирип турган партбосстор тескери көз-карашта калат. Компартияга каршы сүйлөсө да Түгөлбай Сыдыкбековдун жүрөгү мекен деп соккон.

 

Түгөлбай Сыдыкбеков “Шаа ата” боло алдыбы?

“Улуу элдин улуулугу, улуу уулун даңазалап көтөрө алганында” –дейт. Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз эли үчүн жанын садага чаап, нечендеген кыйын – кезеңдерде жүрдү. Кыргыз эли эмес, совет маданиятында кемчиликтер болсо, көзүнө чукуп көрсөтө турган. Ал Аскар Акаевге демократиянын калпагын кийгизгени үчүн эмес, кыргыз элинин Шаа атасы болгону үчүн “Кыргыз эл Баатырын” алган. Чоң калемгер Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда аркы дүйнөгө узаган. Анын кыргыз элине калтырып кеткен адабий мурастарынын чети оюлгус. Элге белгилүү инсан, оор салмактуу курч сөздөрү элге сиңип кеткен Болот Шер учурунда “Духовный отецти” кыргызчалап “Шаа ата” деп которгон. Балким Түгөлбай Сыдыкбековду ойлогондур, Болот Шер: “Кыргыздар эч качан чөгөлөбөйт, анткени алар жамбаштап жатышат”-дегендей дал жүрөккө тийе турган сөздөрдү айткан. Түгөлбай Сыдыкбеков учурунда калемгер катары дүйнөнүн жарымысына белгилүү болгон, акыйкат, калыс катары Кыргызстандагы бийлик эгелеринин жүрөгүнүн үшүн алып турган. Түгөлбай Сыдыкбеков –өз учурунун Шаа атасы болгон, бир гана биз терең ойлобой, анын чыгармаларына баа бербей, анын Шаа аталыгына көз илбей жатканыбыздан улуу уулубуздун аты маалымат беттеринде азыраак айтылып жаткандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости