www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис жок деп билдирди. Ал журналисттерге маалымат берип жатып энергетиктер кадимки режимде иштеп жаткандыгын айтты.

«Энергетикалык эч кандай кризис жок. Буга силерди ишендирип кетмекчимин. Эгерде бизде баары жаман дей берсек, ошондой болот. Өлкөдө электр энергиясы да өчүрүлгөн жок. Ооба, күзгө-кышка даярдыктын алкагында өчүрүүлөр болот, бирок алар оңдоп-түзөө иштери үчүн алдын ала пландалып жасалат. Кээде чукул кырдаалдар болуп калат, бул эми жашоодогудай эле көрүнүш. Машина кетип баратып өчүп калгандай эле нерсе», — деп түшүндүрдү Бекмурзаев.

Ал министрликтин электр кубатына болгон тарифти көтөрүү долбоору туурасында да айтып берди.

Анын маалыматына караганда, министрлик бул маселеде эл үчүн орток вариантты тапканга аракет кылган.

«Биз бардык алгоритмдерди эске алдык. Кененирээк дагы айтып беребиз. Киреше тапкан деңгээлге чыгаруу үчүн бүгүн биз баарын энерготармакка салышыбыз керек. Бирок азыркы маалда киреше туурасында сөз жок. Себеби азыр колубузда турган нерсени эртең өнүктүрө тургандай кылып сактап калышыбыз керек», — деди министр.

Долбоордо эл үчүн бирдей тарифти (1,09 сом) коюу сунушталган. Анткен менен акырындап көтөрүү пландалган. Элге жана насостук станцияларга электр энергиясынын тарифин 2022-жылы 17,5 пайызга, 2023-жылы 15 пайызга көбөйтүү каралууда. Ал эми 2024-жылдан баштап калк үчүн тариф иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлине карата түзөтүлүп турары айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости