www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, "Саясат менен колбасанын эмнеден жасаларын билгенде, эч ким жолобойт эле" деген ыр саптарын биздин редакцияга жөнөттү. 

Төмөндө Жеңишбек Жумакадырдын ыр саптарын окрумандарга сунуштайбыз:

Саясат- жок нерсени бар деп айтуу өнөрү. ⠀ 💐

Саясат менен колбасанын эмнеден жасаларын билгенде, эч ким жолобойт эле. ⠀ 💐

Кээ бир саясатчылардын акылынан, үйдөгү саясатчы аялыңдын акылы жогору турат.

Саясатта жүрөк болбойт. ⠀

💐Саясатчыларга эч таарынып кереги жок. Анткени алар саясатчы. ⠀ 💐

Саясатчынын куралы -эл. ⠀

💐Саясатчылардын жаны таттуу болот. ⠀ 💐

Саясат- ким алат, эмне алат, качан алат жана кандай алат дегенди билдирет. ⠀ 💐

Саясатчы- кредит сыяктуу. Бериши мүмкүн бирок эки эселеп кайра алат. ⠀ 💐

Бала колун көрсөткөндө ага жууш керек экендиги айтылат. Саясатчылар колун көрсөтүшпөйт. ⠀ 💐

Саясатчы-толкундарды өзү көтөрүп, биздин кемени сактап кала турганын ишендире алган адам. ⠀ 💐

Саясатчы болом десең, ак көйнөгүм менен шахтыга көө болбой кирип чыгам дегенди уялбай эле айтышың керек. ⠀

💐Саясат жаман эмес. Саясатты сасыткан саясатты сатып алган саясатчылар. ⠀ 💐

Саясатчы болом десең айткандан көбүрөөк, сатканды өздөштүр дегендей эле түшүнүккө алып келип коюшту. ⠀ 💐

Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек. ⠀ 💐

Мамлекеттик ишмердин жүрөгү башында болушу керек. ⠀

💐Акыйкат саясатчы чындыкты айтышы керек. Унчукпаганы - алдаганы. ⠀

Менин кул да, кожоюн да болгум келбейт. Демократияны мен ушундайча түшүнөм. ⠀ 💐

Саясат - бул билим эмес, искусство. ⠀ 💐

Саясатта дос да жок, кас да жок, кызыкчылыктар гана бар. ⠀ 💐

Элге цивилизациядан акыйкат артык. ⠀ 💐

Акчадан башка эч нерсеси жок адам - бечара. ⠀ 💐

Элди сыздаткан саясатчыга жиниң келбесе, сен анын түгөйүсүң. ⠀ 💐

Саясатка адашып келгендер, жамгырдан сууга кирип жашынышат. ⠀ 💐

Кээде өзүбүз кулаалынын уясынан шумкар күткөнүбүз жаман да. ⠀ 💐

Мактанар эчтемеси жок саясатчы, көргөн кордугун айтып мактанат. ⠀

💐Биз элге эч нерсе кылбасак деле эмнеге бизди жаман көрүшөт деп таңгалышат. ⠀

Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

Булак: NazarNews.kg

Последние новости