www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Челябинск шаарында кылмышкерге өзүнүн күйөөсүнүн сөөгүн жашырганга жардам берген аял 50 миң рубль айып пул менен кутулуп кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирди.

Маалыматка караганда, окуя  2019-жылы болгон. Аялдын 32 жаштагы күйөөсү менен 26 жаштагы ойношунун ортосунда конфликт чыккан. Ошондон улам маркумду ойношу төш жагына бир нече жолу бычак менен сайган.

Аял ойношуна өлүктү өзүнүн унаасынын багажына салып, аны таштандыга алып барып, көмүүгө жардам берген. Кийинки күнү ал полицияга барып, күйөөсүнүн жоголуп кетиши тууралы арыз менен кайрылган.

Сот кылмышты жашырган деген айып тагып 50 миң рубль айып пул салган. Ал эми, күйөөсүн өлтүргөн ойношу 9,5 жылга эркинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости