www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы февралда ЦАРИИ ТЭЦти оңдотуу үчүн дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн.долларга сунушталган маселени караган. Ал кезде ЦАРИИнин коммуникациясын Сапар Исаков жетектеп турган. Анча убакыт өтпөй 2013-жылы Атамбаевдик президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков ошол эле ТВЕАны 386 млн. долларга таап келген. Чыгымдар жабылыш үчүн бир аттиш 640 долларга бааланган. Азыр 1 доллар 100 рубль болуп жатат, демек бир аттиштин баасы 64000 рубль, кээ бир үй-бүлөлөрдүн бир жылдык алган акчасына да жетпейт.

Фергана ТЭЦи 83,6 млн долларга оңдотулган, Бишкек ТЭЦи 386 млн. долларга. Салыштырып көрүңүздөр дээрлик беш эсе кымбат оңдотконбуз. Тажикстандын Дүйшөмбү-2 ТЭЦи 180 млн долларга ишке кирген.  Өзбекстандын Туракурган ТЭЦи, Казакстандын Семей ТЭЦ-3, Караганда ТЭЦ - 4 ТВЕА компаниясына жалдырабай эле, кээ бирөө КазакКомСистема сыяктуу өз компаниялары менен оңдотуп жатат.

2013-жылдын 22-апрелине чейин Өнөр жай жана энергетика министри Автандил Калмамбетов болгон. Дал ошонун министрлик убагында 2013-жылы февралда Кытай менен келишим түзүлгөн. Бул жерде тендер жарыялабай туруп, антикоррупциялык, экологиялык жана укуктук экспертизадан өткөзбөй, ТЭОсу жок 386 млн долларды кытай банкынан алып КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамын ачык бузушкан. Эгер буларды колдонгондо ар кандай сын айтылып, талкууланып коррупцияга бөгөт болот эле.

2013-жылы Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүнүн башчылык кызматын ээлеп, Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарын даярдоого жооптуу болгон, ал эки өлкөнүн жетекчилери кол кое турган документтерди техникалык жактан даярдаган. Кытай тарап менен макулдашуунун долбоору Жантөрө Сатыбалдиевдин Өкмөтү тарабынан, 2013-жылдын 2 –декабрындагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган өкмөттүн № 649 токтому менен даярдалган. Кытайдын Эксимбанкы менен кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору парламентке киргизилген. 2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш ТЭЦти модернизациялоо үчүн кредит жана грант жөнүндө макулдашууну 91 депутат ратификациялаган, 23-декабрда ага ал кездеги президент Атамбаев  кол койгон.

ТЭЦти модернизациялоо, кредит, подрядчикти Кытай тарап өзү тандап алаары жөнүндө чечимди ошол мезгилдин саясий элитасы жалпы кабыл алган жана муну Кытай тараптын 2013-жылдын 31-октябрындагы “ТВЕА долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп табылганы” жөнүндө расмий нотасы тастыктап турат. ТВЕА менен контракттын шарттарына Жантөрө Сатыбалдиев жоопкер болгон жана бул 2013-жылдын 11-сентябрындагы келишимде чагылдырылган. Келишим түзүлгөн күнү эле мамлекеттин тарткан зыяны 111 млн 252 миң 797 доллар болгон. Бул жерде бир топ каталыктар бар, ТЭЦти модернизациялоо боюнча так эсеби, сметасы болгон эмес, мамлекеттин кепилдиги менен алган карызына кимдир бирөөнүн бекер акчасындай өтө кайдыгер мамиле жасашкан. ТВЕАнын сунушу менен гана алынган бул насыя акчага чар жайыт, үстүртөн эптеп карыздарды жок кылыш үчүн аракеттер болгон. Бул ишти аттары эч жерде аталбаган төрт фирма ишке ашырган. Эң катачылыгы ТЭЦти модернизациялоо үчүн Техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) болгон эмес. ТЭОсу жок эле ишке киришкен ТВЕА кыргыз атка минерлеринин алкы бузуктугун билип, Кытайдын экспорт-импорттук банкынан чоң суммадагы насыя алууну сунуш кылышкан. Өкмөттүк деңгээлде бул маселени чечүү үчүн алар Кытайдын элчисинин соода-экономика байланышы боюнча кеңешчисин ортого салган.

 2013-жылы 1-февралда түзүлгөн ТВЕА ишканасы менен контрактык Келишимдин шарты боюнча № 1-8 казан агрегаттарды жана № 1-4 агрегат куурду монтаждоо, өтө жогорку көтөрүмдөгү 2 көмүр казан агрегаттарын, буунун өндүрүштүк сыйымдуулугу 550 т/ саатка жеткен, 150 Мвтга жеткен жылуулаштырылган 2 агрегат куурду орнотуу каралган. 2013-жылы апрелде келип ТЭЦти бузган учурда Осмонбек Артыкбаев министр болуп турган, 2014-жылы октябрда ал министрден кеткен, ордуна мурун соттолгон Кубанычбек Турдубаев келген, ошондон кийин гана электрдин баасы 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. ТЭЦке Кытайдан жабдуу алып келүү иштери 2015-жылы январда Кубанычбек Турдубаев министр болуп турганда башталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости