www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы Софи Грегуар-Трюдодо коронавирустун белгилери байкалгандан кийин өзүн-өзү изоляциялоодо. Премьердин жубайы Британияга барып келгенден кийин дене табы көтөрүлүп кеткендиктен коронавируска карата тест тапшырып, анын натыйжасында илдетти жуктургандыгы такталган. Бул тууралуу чет элдик маалымат  булактары премьер-министрдин офисинин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Премьер-министрдин абалы жакшы болгону менен 14 күнгө карантинге алынат.

Буга байланыштуу анын бардык жолугушуулары токтотулган. “Премьер-министр  үйүндө виртуалдык жолугушууларды, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, брифингдерди өткөрүүдө. Ошондой эле ал Covid-19га арналган атайын кеңешмеге катышып, дүйнөлүк лидерлер менен пикир алышып жатат”,- деп жазылат өкмөт башчынын маалымат катчысынын катында.

Эске сала кетсек, Канадада коронавирус биринчи жолу 25-январда катталган. Учурда аталган өлкөдө 138 адам коронавирус жуктуруп алса, 1 адам каза болгон. Канаданын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө илдеттен жабыркагандардын 79 пайызы 40 жаштан өткөн жарандар.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага караганда, коронавирустан жалпысынан 128 миң 343 адам жабыркап, каза болгондор 5 миңге чукулдады.  Вирустан айыккандардын саны 68 миң 324 адамды түздү.

Картинки по запросу "канадский премьер Трюдо и его жена"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости