www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жыл ичиндеги 30 өкмөткө канча миллиард доллар коротулду? Айлык акылары, ичкен- жегени, уурдаганы, байыганы болуп отуруп триллион долларга чаап кеткен жокпу? Кыргыз өкмөттөрү канча инвестиция тартып, канча миллиард доллар акча алганы менен Кыргызстан өнүгүп кеткен жок. Тескеринче жок болуу абалына келип, алынган акчалар желип жок болду, ички- тышкы карыздар көбөйдү.

30 жылдан бери чачырап жок болгон астрономиялык суммадагы миллиарддаган доллар акчалар СССР убагындагы Кыргызстанга алынганда Россия, Кытай, АКШ, андан ары Сингапурдан да ашып кетмекпиз. АКШ баш болгон капиталисттердин аракети менен СССР таркатылгандан кийин, капиталисттердин планын жарым жартылай аткарып, Кыргызстанды сактап калсак болмок. Бирок, тышкы душмандан ашып түшкөн ички душмандар, Кыргызстанды биротоло талкалап жок кылууну көздөшкөн. Ички душмандардын башында ким турганын ачык айтып, ансыз да кыйналып турган кыргыз элин ого бетер кыйнаштын кереги жок. Үстүртөн айта кетсек, шайтан аралап, шайтан азгырган кыргыз эли, өзүн Кудайдан да жогору сезип алган чоң шайтандын жетегинде калышкан. Чоң шайтандын өзү болсо- Марксизм- Ленинизмди, капитализм- социализмди, саясат менен геосаясатты түшүнө албаган жана түшүнгүсү да келбеген кара- мүртөз- караңгы неме болгон. Анын бир гана максаты- атасынын кунун кууп, коммунисттик системадан өч алуу эле. Ошол себептен Советтик системага, мамлекетке, коммунисттик партияга каршы чыгып, аны кулатып жок кылганда гана максатына жеткен. Советтик системаны жок кылыш үчүн президенттерди, карапайым элди чеберчилик менен пайдаланып, жыйынтыгында «өзүн-өзү жок кылуу» системасын орнотушкан. Булар менен салыштырганда Марксизм- Ленинизм менен чоңойгон Кытай президенти Си Цзиньпин, же баарын ийне- жибине чейин билген Россия президенти В. В. Путин жер планетасын башкарууда. Коррупциянын сазына батып абалы оорлоп бараткан Кыргызстанга кастарын тиккен АКШ акшырая караса, экспансия саясатын жүргүзгөн Кытай өлкөсү карызга батыруу амалын издөөдө. Кыргызстанды жамандыкка кыйбаган Россия алардан мурда озунуп жардам берүүнү көздөйт. Бирок маданий иш- чаралар менен алаксып «өлө албай атып өлөң айтат» болбой, саясий интеграцияны ишке ашырса дурус  болмок. Саясий реформаларды жүргүзүп, өлгөнү калган өкмөткө өз кадрларын жөнөтүп «тирилтип» берсе болмок. Кыргызстанда акыркы эки жыл ичинде эч кандай реформа жүрбөй, жалаң оюн- зоок, ыр- күлкү, той- топур, кыскасы «ырысы жоктун ырымы күчтүү- томаяктын жыйыны күчтүү» болуп калган. 30 жылдан бери келаткан толгон-токой катачылыктар, кемчиликтер, көйгөйлөр, азаймак тургай көбөйүүдө. Өз алдынча мамлекет боло албай калганыбызды алыстан байкаган АКШ кол салгандан кайра тартпай турса, кысып келаткан Кытай каптап кеткенге даяр. Ошондуктан кыргыздар менен орустар комуз менен балалайка- приманы дуэт кылып чертип отура бербей, мамлекетти башкаруу саясатын да теңме- тең жүргүзүшү керек. Орустар айткандай «50 на 50». 100 пайыз кыргыздар болгондо өзүңөр көргөндөй жалаң кландар, тууган- туушканы, куда-сөөгү, ага-иниси, бажасы, баласы, досу болуп кете берип, аягы коррупция менен аяктайт. Өкмөттөгү «былтыйып» отурган коррупционерлерге караганда илгерки кадр Силаев Борис Иванович кыйын экен, Октябрь районунда аким, Бишкекте мэр болуп турганда коррупцияга жол берген эмес. Жакында президент С. Жээнбеков Россия президенти В. В. Путин менен кучакташып көрүшүп, эки мамлекеттин ортосундагы бир туугандык-достук мамиле бир жарым кылымдан бери келатканын айтты. Кыргыздар, орустар, калгандары жадырап жайнап жакшы маанайда болушуп, болуп көрбөгөндөй чоң майрамга айланды. Ошол эле убакта «Майдан» гезити белгилегендей, Кыргызстандын импотент өкмөтү кытай инвесторун тартат имиш.

Ат- Башы районунан айдалып чыккан Кытай ишкерине Алай районунан же Кара- Суу районунан 49 жылга жер бөлүп берет экен. Россия 6 миллиард, Кытай 7 миллиард инвестиция коротуп, аларды көрө албаган АКШ ортодон чыга калып чыр чыкса, бүгүн бар эртең жок өкмөттүн башы оорубайт. Ооругандай башы деле болбосо керек.

Кийинки жылдан тартып Кытайдын карызын төлөй албай калганда, башы жок өкмөт башка жагын көрсөтөбү? Же Алай менен Кара-Сууну кармата берип кутулабы? Кыскасы, Кыргызстанды Кытайдын карызынан куткарып кетиш үчүн, өзүн актабаган өкмөттү толугу менен Россиянын башкаруусуна беш жылдык мөөнөткө бериш керек. Мындай жол менен биринчиден Кытайдын карызынан кутулабыз, экинчиден Кыргызстандагы коррупциядан кутулабыз, үчүнчүдөн кыргыз мамлекетинин коопсуздугун камсыздай алабыз. Ошондой эле В. В. Путиндин демилгеси менен, анын Кыргызстанга жөнөткөн ишеничтүү кадрлары менен толгон-токой реформаларды жүргүзүп, 30 жылдан бери талкаланып бүткөн Кыргызстанды калыбына келтире алабыз. Коррупция менен күрөшкөн кыргыз президенти С. Жээнбеков коррупциялык режимди токтотуп, 300 партияга чачырап кеткен кыргыз элин бир гана мамлекеттик партияга бириктириши керек. Коммунисттик партия болобу, же С. Жээнбеков атындагы партия болобу айырмасы жок, эң негизгиси «парламенттик башкаруу» деп талап- тоногонду, коррупцияны гүлдөтүп экономиканы талкалаганды токтотуш керек. Нөлгө түшкөн экономиканы, өлгөнү калган өкмөттү, В. В. Путиндин кадрлары кыска убакыт аралыгында 100 пайызга көтөрүп беришет. Кудай кыргыз элине боору ооруган үчүн кудай жолунда жүргөн адамды президент кылып жөнөтүп, шайтан жолуна түшүп кеткен кыргыз элин сактап калгысы келген сыяктанат. Кудай өзү берген тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып ийсек, бүгүнкүдөн да оор абалга туш болобуз.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости