www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Табылды агай, өткөн сандагы маекти улай сөз кылсак, бүгүнкү болуп жаткан саясий процесстерге окшош тарыхта болгон окуялар тууралуу айтып бере аласызбы?

--Макул. Мисалы, Монгол империясы чачырап кеткенден кийин, чингизиддер өз ара бийлик талашып, региондо саясий абал турукташпай коёт. Хайду мамлекети түзүлөт, бирок анын уулу бийликти кармап кала албайт. Моголистан мамлекети түзүлөт, бирок анын мураскери да бийликти кармап кала албай коёт. Өз ара ыйкы-тыйкыдан биримдик бузулат, шаарлар талкаланат, өлкө майда эмирликтерге бөлүнүп кетет, каравандар тонолуп, соода өксүккө учурайт. Ошондо уруу башчылары, соодагерлер “Ушул чингизиддердики өттү. Булардын ордуна жаңы династия бийликке келиш керек экен” дешип, баары чогулуп Амир Тимурду колдоп, ага акча, аскер ж.б. баары берген. Амир Тимур ага коюлган социалдык заказды аткарып, чингизиддерди кубалап чыгып, кыйратып, өлкөгө тынчтык орнотуп, жан киргизген. Бул бүгүнкү биздин абалга өтө жакын. Мисалы, Акаев, Бакиев элдин мүдөөсүн аткарбай калгандан кийин, бийликтен жылбышышты. Атамбаев камалды. С. Жээнбековго эл ишенип, аны өлкөнүн кемин толтуруп, кыйшыгын түзөйт деген үмүттө көп нерсени күтүп жатат.

--Бүгүн бийликке оппозиция жок деп жатышат. Митингдер болгону менен күчтүү деле оппозицялык күчтөр байкалбайт…

--С. Жээнбеков бийликке жаңы келгенде баары Атамбаев резиденцияда жатып алып башкарат дешкен. Бирок, С. Жээнбеков өз жолу менен кетти. Бүгүн саясий элита, саясий партиялар, шайлоочулар баары С. Жээнбековдун аракетерине көз салып жатат. Балким, айрым кадамдары жакпай жатышы мүмкүн. Бирок, жалпы жонунан алганда анын бүгүнкү саясаты көпчүлүктү канааттандырып жатат. Элди бир эле нерсе түйшөлтүп турат – парламенттик шайлоолор. С. Жээнбеков кийлигишпесин жана шайлоонун демократиялык негизде өтөөрүн убадалоодо. Саясатчылар да, эл да күтүп жатат, өлкөгө кандай парламент келет деп, ошого жараша кийинки кадамдарын аныкташышат. Жакса колдоону улантышат, жакпаса оппозицияга өтүшөт.

--Акаев, Бакиев деле парламентке өз партияларын алып келип, анан дароо кулашты. Акаев «Алга Кыргызстанды» парламенттин босогосуна алып келип эле кулап калыптыр. Эгер партия түзбөсө, Акаев дагы деле бийликте турмак беле?

--Жок. Айрым учурларда өлкө башчысы партия түзүп деле, ага таянып чоң өзгөрүүлөрдү жүргүзгөн. Акаев партия түзүп, ага кызын да, баласын да киргизип алган. Эл муну көтөрө албай калды.

--Анда президенттер эч убакта социалдык заказдан башка аракеттерге бара албайбы?

--Социалдык заказ элдин талабына жооп бериш керек. Элдин талабына жооп бербеген аракеттер кийин жоюлуп кетет. Мисалы, Сталин же Түркмөн башы өзүнө жана жакындарына эмне деген эстеликетерди тургузду эле. Г. Бердимухамедов келээри менен анын көп чечимдери жокко чыкпадыбы. Мисалы, Кыргызстандагы аялдардын квотасы 15 ден, 30% га көтөрүлдү. Бул кийин алынат. Себеби, бул жөн гана ойлоп табылган нерсе. Башка өлкөлөрдө аялдарга, улуттук азчылыктарга, жаштарга квота коюлбайт да. Бул ачык конкуренциядан корккондук, күчтүү саясатчы эркектер парламентке келип, чоң саясий аренага чыкпасын деп жасалган нерсе. Бул дагы кайсы бир топтор бийликти монополия кылуу үчүн

атайы, ушундай кадамдарды жашообузга таңуулап жатканы менен барабар. Аскар Акаев «Алга Кыргызстанды» парламентке алып келип, кийинчерээк акырындык менен бийликти Айдарга өткөрүп бериши мүмкүн болчу. Бирок, бул социалдык заказга жатпайт эле. Социалдык заказ элден, элдин мүдөөсүнө жараша пайда болот.

--Андай бүгүнкү ЛГБТлардын укуктарын коргоо да, социалдык заказ болуп эсептелеби?

– Социалдык заказ көпчүлүктүн каалоосу менен аныкталат. Бүгүнкү күнкү митингдерди социалдык заказ катары кароого болбойт. Биринчиден, алар ЛБГТнын укугун коргош үчүн митингдерди уюштурушкан жок. Алар ошол проблеманы колдонуп, бийликке тап берип, эл аралык уюмдардын, АКШнын департаментин Кыргызстанда адам укуктары кордолуп жатат деп, бул проблемага көңүл бурдуруу үчүн жасалып жатат. Ошону менен катар АКШнын департаментине башкаларга бийликти сындаган билдирүү жасатып алып, чоң саясат жүргүзүп, бийликти алсыздандырып, соода кылуу үчүн шарт түзүү же төңкөрүш уюштурууну көздөп жатышат. Ошондуктан ачык эле провокациялык лозунгдарды өтө көп колдонуп, көтөрүп чыгып жатышат. Себеби, алардын технологдору бийликте мусулман дининдеги түштүктүк саясатчы турат, ошого көбүрөөк провокация жасасаңар, эл силерди сабайт, кубалайт, дүйнөлүк коомчулук силерди колдоп чыгат, бийлик алсыздайт деп үйрөтүп жатат. Ошого алар ачык эле өзүлөрүн кыргыз элине карама-каршы коюшту. Кыргыз элинин баалуулуктарын жээрип, «мен төрөбөйм», «чай куйбайм», «менин жатыным, менин ишим», «У мырк чорошек мини чочошки» деген ураандарды, плакаттарды колдонуп жатышат. Канчалык ушундай провокациялык ураандар колдонулса, ошончолук элдин кыжыры келип, буларды сабашат, ошончолук буларга Батыш көңүл бурат, ошончолук акча бөлүнөт. Булар митингдерди, пикеттерди акча жасоо үчүн бизнес кылып алышкан. Кыргызстанда бул бүгүн нормалдуу көрүнүш. Муну мектептин директорлору ата-энелерден наадандык менен акча чогултуп, өзү каалагандай жумшап келаткан көрүнүштөр менен окшоштурсак болот. Кыргызстанда бүгүн ар бир жаран өзүнүн абалына жараша, акча табууга, бизнес кылууга өтүп алды. Себеби, өкмөт жумуш орундарын камсыз кылбай жатат, анан эл ар кандай жолдор менен акча таап, чет элдик кызыкчылыктар үчүн, мамлекеттик төңкөрүш үчүн, коомдун бузулуп жок болушу үчүн иштеп жатат.

--Демек, ЛГБТ проблемасын мамлекеттик төңкөрүш үчүн колдонуп жатышат десек туура болобу? Бирок, кийинки митингге экс-президент Отунбаева жана башкалар барды го…

--Ооба. Менимче, кийинки митингди Отунбаева үчүн атайы уюштурушкан. Анткени, анда мурдагыдай өтө провокациялык плакаттар жок болду. Отунбаева өтүнгөн болуш керек. Бирок, Отунбаева ал митингге барбашы керек эле. Себеби, ал митинг мэрия, акимияттан уруксат алынбаган мыйзамсыз митинг болчу. Бүгүн түндүк-түштүк маселеси бар десең, айрымдар чычалайт. Бирок, ушунун өзү эле далил болуп жатпайбы. Мисалы, Атамбаевдин учурунда бул маселелер көтөрүлчү эмес да. Отунбаева деле өзү президент кезинде ЛГБТнын проблемасын чечип берип койбойт беле! Жок, ал кезде бул маселелерге эч ким көңүл бурчу эмес. Бүгүн Президент түштүктөн, мусулман динин карманат. Демек, ЛГБТ проблемаларын көтөрө берсек, традициялык көз караштагы жаштар митингчилерди сабайт, бийлик жаман аттуу болот деген максатта жасалып жатат.

--Отунбаева чоң саясатка аттанганы жатат деген турасызбы?

--Жок. Менимче, бүгүн саясий элитанын бир бөлүгүнө Жерүй проблемасынын көтөрүлүп жатышы жакпай жатса керек. Эгер Жерүйдө коррупциялык аракеттер аныкталса, Бабанов ж.б. бир топ саясатчылар критке кетиши мүмкүн. Буларга кошумча, Атамбаев тарап, эптеп эле шылтоо болсо,

бийлик куласа, оңой кутулабыз деп жаткан чак. Булар биригип, бийликти алсыздандырууну көздөп жатышат. Бийликти ийге келтирип, сүйлөшүүлөргө алып келүү аракеттери көрүлүп жатат. Ошол эле учурда кийинки парламенттик шайлоолорго шылтоо таап, ыңгайы келип калса, элди көтөрүү максат болууда. Биз Отунбаеваны сыйлашыбыз керек. Аны обу жок таламайга алуу туура эмес. Ал өз вазийпасын аткарып бүттү. Эми ал калыс оюн айтып, өз кадамдарын саясатка аралаштырбай, кийинки муунга өрнөк болгонго аракет кылышы керек. Бирок, заман анын чоң саясатка кайра келүүсүн талап кылса, анда коомчулук аны туура көрүп, өзү чакыртып алат. Бүгүн мен ал чоң саясатка келе тургудай жагдайды көргөн жокмун.

--Отунбаева мыйзамсыз митинге келип, аша чапкан жокпу?

--Аша чапты. Бирок, ал өзүнүн келүүсүн нейтралдаштыруу үчүн Жангарачева, Жакуповаларды ала келген. Ошол эле учурда министр К. Жунушалиевди кетсин деп билдирүү тараткан. Албетте, мен К. Жунушалиевге тартпайм. Бирок, Отунбаева бул аракеттери менен чогулган элди пайдаланып, өткөндөгү музейдеги окуядан кийин Жангарачеванын кызматтан кетирилишине нааразы болуп, өч алуу үчүн билдирүү кылгандай болуп калды. Экинчиден, Отунбаеванын мыйзамсыз митингге келиши, дегеле ошол мыйзамсыз митингдин уюштурулушу түштүктүк президент С. Жээнбековго каршы Бишкекте ким кожоюн экендигин көрсөтүп коюу аракеттери катары каралып калды. Керек болсо биз, моминтип, уруксатсыз эле митинг өткөрүп алабыз дегендей туюлуп калды. Демек, Отунбаева бүгүн кайсы бир деңгээлде тирешти каалап, бийликти алсыздандыргысы келип жаткан тарапта экендиги көрүнүп турат. Бүгүн Отунбаева чоң саясатка кайтып келгиси келген А. Атамбаевдин ордунда болуп калды. Булар экөө тең 2010-жылы Бакиевдерге алдары жетпей турганда, С. Жээнбеков Оштун губернатору болуп түштүктө УӨ колдоп, булардын бийлигин сактап калганын унутуп койгону көрүнүп турат. Ал күндөрдү таптаза эстен чыгарып коюу үчүн чоң себептер керек. Ошондуктан, мен ойлойм, бүгүнкү саясаттын багыты «Жерүйдун» тегерегинде болуп жатат. «Жерүй» же дагы ушундай чоң проблема күн тартибинде туруп, саясий күчтөр тымызын бийликтин ката кетиришин күтүп жатат.

--ЛГБТ маселеси саясий негизде көтөрүлүп жатат дейсизби?

--Ооба. ЛГБТ, аялдардын проблемасы бүт баары келээрки шайлоолорго карата бийликке басым катары саясатташтырылып жатат. Себеби, жакында эле парламентке кирүү үчүн аялдар үчүн квота 15тен 30%га көтөрүлүп жатса, ушунча чуунун кимге кереги бар эле? Бир гана саясатчылар үчүн керек. Коомчулукту козутуп, өз таасиринде кармап туруу үчүн керек болуп жатат да. Ошол эле учурда бул тирешүү Р. Матраимовду бийликке жармаштырып, аны сынга алуу учурунда башталган. Ошондон бери жарака кетип, уланып келатат. Аялдардын проблемасын тегерек столдо деле чечсе болот да. Бирок, муну ырбатуучу күчтөр болуп жатат. Эсиңиздерде болсо, И. Илмияновду жана башкаларды кой-айга болбой эле Атамбаев коомго таңуулап салган. Бүгүн бийлик өзүн шопурдун деңгээлинен түшүргөн жок. Р. Матраимов бир аз өзүн коомго таңуулагысы келди. Бирок, бүгүн баары өз калыбына келди. Менимче, Матраимов өз жолун тапты. Матраимов үчүн кыргыз коомчулугу менен президент С. Жээнбековдун ортосунда жарака кетпеши керек. Бул бүгүнкү күндүн талабы.

--Отунбаева эмнеден жазды?

--Отунбаева Батыштык саясий культураны колдоп келет. Бирок, ал католик дининин негизинде түптөлгөн. Батышта ар бир инсан жеке өзү үчүн жооп берет, өз тагдырына өзү ээ деген менталитет калыптанган. Кыргыздар, өзбектер, казактар, япондор, орустарда жамааттык менталитет. «Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн» деп чогуу-чаран аракеттенет. Муну айрып тааный алышпай, карама-каршылыктарга кабылып жатышат.

--Бийлик «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларын дайындап жатат деген сөз бар. Ж. Акаевдин партиясы дежурный оппозициянын ролун ойнойт деп жатышат. Буга кандай дейсиз? Бирок, эки партия парламентке кире аларына көзүм жетип турат. Бири «Биримдик», экинчисичи?

--Жок. «Биримдикти» айтуу бир аз эрте. Бири «Ата Мекен» аз добуш менен, экинчиси фаворит партия. Азыр оюндар жаңы эле башталып жатат. Парламент саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алгандан кийин көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн. Балким, идеологиялык партияларга басым жасалып калсачы? Анда «Мекеним Кыргызстан» менен «Кыргызстан» шайлоолорго башка идеологиялык партия менен биригип барып калышы мүмкүн. Мисалы, биринчиси КСДП менен, экинчиси КДК менен. Ошондой эле «Ата Журт», «Республика» партиялары ж.б. идеологиялык партиялар менен барышы мүмкүн.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости