www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан импорттук сырьёну ташуунун башка жолдорун издеп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу өткөн республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.

Анын билдиргенине таянсак, өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьёну ташуу жолун табуу керектигин билдирди. "Импорттоочулар жана жүк ташуучулар менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселе боюнча алардын сунуштарын угуу керек. Алсак, темир жол ташуулары мурдагы график боюнча иш алып барууда. Балким, импорттоочулар азырынча ушул жол аркылуу өз товарларын жеткирип турушар. Бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр белгилешкендей сырьё жетиштүү, бирок эртеңки күндү ойлошубуз керек. Ошондуктан бардык тараптарды угуп, туура чечим кабыл алышыбыз зарыл", — деди вице-премьер.

Муну менен катар Асрандиев, калк керектеген товарларды ташуу үчүн бир дагы мамлекет чек араны жаппаганын айтты. Бирок жүк ташуучу унаа айдоочуларынын чек арадан өтүү алгоритмине байланыштуу жүк ташуу агымы токтоп калганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости