www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска байланыштуу футбол боюнча Европа чемпионаты 2021-жылга жылдырылып, Чемпиондор лигасынын быйылкы сезону аягына чыкпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Франциянын L'Equipe спорттук басылмасы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Европанын футбол ассоциациялар биримдиги (УЕФА) 17-мартта учурдагы абалды, анын ичинде Европа чемпионатынын тагдырын талкуулайт деп күтүлүүдө. Азырынча УЕФА чемпионаттын 2021-жылга жылдырылары тууралуу билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Европада коронавирустун жыйылуусу күч алгандыгына байланыштуу Италия менен Испаниянын футбол боюнча улуттук чемпионаттары убактылуу токтотулган. Италиянын «А» сериясынын футболчулары коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталса, «Реал Мадрид» командасынын оюнчулары 14 күндүк карантинге алынышты. Башка өлкөлөрдүн чемпионаттарындагы оюндар көрүүчүлөрсүз өтүүдө. Анын ичинде Чемпиондор лигасынын акыркы оюндары да бош стадиондордо өтүп жатат.

Европанын 10дон ашык шаарында өтө турган футбол чемпионатына быйыл 24 өлкөнүн курама командасы катышмак.

Дүйшөмбү күнү Түндүк Американын Улуттук хоккей лигасы (NXL) коронавируска байланыштуу 2019-2020-жылкы сезону убактылуу токтотулганын жарыялаган. Ага чейин Улуттук баскетбол ассоциациясы (NBA) менен MLS (Америкалык футбол лигасы) да ушундай билдирүү тараткан. Мындан тышкары бейсбол боюнча чемпионаттын (MLB) башталышы кийинкиге жылдырылган.

 

Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"

 

Последние новости