www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« Мыйзамдын макулдашылган вариантына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарынын ченемдерин жакшыртуу.

Мыйзам төмөндөгү маселелерди чечүүнү караштырат:

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын (ЧУА) туруктуулугун камсыз кылуу;

— ЖӨБ Бирлигинин жана муниципалдык ассоциациялардын ЖӨБ маселелерине тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун муниципалитеттердин ассоциациялары менен алдын ала талкуулоо жаатындагы ролун жогорулатуу;

— ЧУАларды демилгелөөнү ишке ашыруу;

-ЖӨБ органдарынын аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын практикада ар түрдүү ченемдик актыларын жана ЧУАларын (токтомдорун, чечимдерин, тескемелерин) кабыл алуу;

-ЧУАлардын долбоорлорун элге жарыялоо жана кабыл алынган ЧУАларды расмий жарыялоо.

Тактап айтканда, „Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“ мыйзамынын 9-беренесине ылайык, жергиликтүү коомдоштуктардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары мыйзам менен белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары жана жергиликтүү коомдоштуктардын бирликтери менен консультацияларды жана талкуулоолорду жүргүзүшөт.

Бирок, иш жүзүндө ченем чыгаруучу мамлекеттик органдар ЧУАнын долбоорлорун даярдоодо жана кабыл алууда аталган долбоорлорду каттабайт, ал эми ЖӨБдүн органдары, ошондой эле алардын ассоциациялары/бирликтери маалыматка ээ болбостон көз жаздымда калып жатышат. „Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“ мыйзамынын талаптарын кыйшаюсуз сактоо ЖӨБдүн ченемдик укуктук базаларына тең салмакталган жана туруктуу мамиле жасоого алып келээр эле. Азыркы учурда ченемдик укуктук актылар биринин артынан бири кайра-кайра кайталанып, жер-жерлердеги кырдаал терең иликтөөгө алынбайт, ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдарынын пикири угулбайт, ЧУАнын долбоорлору пакет түрүндө киргизилбейт, натыйжада кабыл алынган айрым ченемдик укуктук актылар иш жүзүндө турмуш менен айкалышпай жатат.

Ошол себептен, „Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын талаптарын күчтөнтүүнүн алкагында мыйзамдарда мамлекеттик ченем чыгаруу органдарына карата, ЖӨБ органдары жана/же алардын ассоциациялары жана бирликтери менен консультацияларды жана талкуулоолорду өткөрүүнү, ЧУАнын долбоорлорунун маалымат-негиздемелеринде ЖӨБдүн тиешелүү органдары жана/же алардын ассоциациялары бирликтери менен бирге өткөрүлгөн консультациялардын жана талкуулоолордун жыйынтыктарын чагылдыруу боюнча талаптарды кеңейтүү сунушталат.

Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгесинин укуктарына ээ жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн саны тиешелүү административдик-аймактык бирдиктеги калктын санын эске алуу менен белгиленет.

1) Бишкек, Ош шаарлары — 5000 мүчө;

2) шаардык жана айылдык кеңештер (административдик-аймактык бирдиктеги калктын саны боюнча жылдын 1-январына карата статистикалык маалыматтарга ылайык шайлоолор өткөрүлөт):

6 000ге чейин — 300 мүчө;

6 001ден 20 000ге чейин — 600 мүчө;

2001ден жана андан жогору — 1000 мүчө деп аныкталган.

Шаардык кеӊештин депутаттары фракциялардын көпчүлүк коалициясына бириккен учурда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагалыгы, шаардык кеӊеште азчылыктагы фракция же фракциялар коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылыктагы фракцияга же фракциялар коалициясына берилет. Шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелерин жүргүзүүчү туруктуу комиссиясынын төрагасы, шаардык кеӊеште азчылыктагы фракция же фракциялар коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылыктагы фракциянын же фракциялар коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тийиштүү жергиликтүү кеӊештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

Шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамы шаардык кеӊешти түзүүчү бардык фракциялардын же фракциялар коалициясынын мүчөлөрүнөн түзүлөт.

Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алат.

Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары туруктуу негиздеги Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында аларга мониторинг жана баалоо жүргүзүшөт.

Туруктуу комиссиялар ченемдик-укуктук актыларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу.

Ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана баа берилишин жүзөгө ашырууда көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.

Ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугунун жана алардын таасиринин жыйынтыктарынын төмөндүгүн күбөлөндүргөн ЧУАнын мониторинги жана баа берилиши жөнүндө маалымат ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуу менен коомдук мамилелердин аталган чөйрөсүнүн натыйжалуу жөнгө салынышына өбөлгө түзөт.

Мындай болгон учурда, шаардык кеңеш тарабынан шаардын СЭӨ жана калкты социалдык коргоо программаларынын натыйжалуулугун жана жыйынтыктарынын мониторингин жана баа берилишин жүзөгө ашыруу боюнча шаардын мэрине ыйгарым укуктарды берүүнү туура эмес деп эсептейбиз. Анткени шаардын СЭӨ жана калкты социалдык коргоо программалары шаардын мэриясы тарабынан иштелип чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин ишке ашырылат. Мындай учурда мыйзам шаардын мэриясын өзүн-өзү мониторинг жүргүзүүгө жана өзүнө өзү баа берүүгө милдеттендирүүдө. Бул кабыл алынган мыйзамдын өзүнүн концепциясына карама-каршы келет.

Мындан тышкары, жарандардын реалдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган жарандардын мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары эске алынган ЖӨБ органдарынын ЧУА долбоорлорун расмий жарыялоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча маселелерди толук кандуу чечүү үчүн ЖӨБ органдарынын ЧУАсын расмий жарыялоо ыкмаларын алардын тексттерин атайын көрүнүктүү жерлерге (маалыматтык такталарга, дубалдарга) тикелей жайгаштыруу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган долбоорлорго жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл.

Мындай ыкма ЖӨБ органдарынын кабыл алынган же кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларына жергиликтүү калктын реалдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт жана иш жүзүндө калктын маалымдуулугун жакшыртуу менен ЖӨБ органдарынын убактысын жана ресурстарын үнөмдөйт.

 

Последние новости