www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алганыбызга 30 жыл болуптур. Мындай датаны белгилейбиз деп бел байлап жатышканын Кыргыз өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева бүгүн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, иш-чараны өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлгөн. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, 1-сентябрда акындардын айтышы, 23-сентябрда гала-концерт өтөт.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, азыр кыргыз тилин үйрөтүү дүйнөлүк системада жүргүзүлө баштаган, бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо мамлекеттик тилди билүүнүн жаңы ыкмалары иштелип чыгып жатыптыр. Укмуш эми. Алгач өздөрүнүн мекемесин жөнгө салып алсынчы. Мына, басма сөз кызматын эле мисалга алалычы. Дайыма орус тилинде маалыматты Марина Гречанная аттуу айым таратат. Анан кайдагы мамлекеттик тилди билүүнүн жаңы ыкмаларын айтып жатасыз, Надира айым?! Кыргыз тилин артка тартып жаткан силер болгондон кийин, эне тилибиз жөнүндөгү маселени сүйлөбөй эле койгулачы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости