www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары учурунда мал союу менен алектенген ишкананын иши менен таанышып чыкты.
Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жайгашкан ишкананы ишке берүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жылдык 6% үстөгү менен 7 млн сом өлчөмүндө насыя алынган. Эл аралык стандарттарга жооп берген, россиялык өндүрүштүк технология орнотулган.
Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу 200 башка чейин майда малды жана 40 башка чейин ири мүйүздүү малды түзөт. Завод Евразия экономикалык биримдигинин бардык стандарттарына дал келет. Өндүрүлгөн продукция чет жакка, негизги бөлүгү Өзбекстан Республикасына экспорттолот.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев цехтин иши менен таанышкан соң, аймакты өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн бул өңдүү союлган малды алгачкы кайра иштетүүгө адистешкен объекттерди Жалал-Абад облусунда куруунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Булак: NazarNews.kg