www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зайырбек Ажыматов деген акыныбыз кайтыш болуп, канчалаган инсандардын жүрөгүн жаралап ыр кайрыктары эл эсинде кала берди. Акындын "Жинди дүйнө, жинди доор, жинди мен, Жигин таппай айтаар сөздүн күңгүрөйм..." деген ыр саптарын Замир Кожокматов элдин эсине салды.
ДАРЫГЕРДИ КҮТҮП ЖҮРӨМ АСМАНДАН...
Жинди дүйнө, жинди доор, жинди мен,
Жигин таппай айтаар сөздүн күңгүрөйм...
Жинигишкен, куту качкан адамдар,
Жийиркенишпей бирин-бири мүлжүгөн.
Көр казууга даярдашып күрөгүн,
Көптөр жүрөт түрүнүшкөн билегин.
Жедеп тоюп, эми адамдар кишинин,
Жеп жатышат мээсин, жанын, жүрөгүн.
Жаны күйүп, тарата албай туманды,
Жан дүйнөлөр болду өлүк, уранды.
Ыңгыранат ыйык сезип өздөрүн,
Ыймансыздар соодалашып Кудайды.
Жалган мүмкүн, бүгүн ушул аткан таң,
Жалган мүмкүн, көргөн чындык кашкайган.
Жанын жеген шылуундар күн сайын,
Жасап жатат акыйкатты калптардан.
Кара суук жөөлөп кирип ар жактан,
Кара жанды калчылдатып какшаткан.
Адамдыкты тепселешип башчылар,
Алжып калды байлык, бийлик, мансаптан.
Жадатты жол, тарпы чыккан, тапталган,
Жаркын жолдор жагат жаңы башталган.
Дарылатып алуу үчүн дүйнөнү,
Дарыгерди күтүп жүрөм асмандан...