www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 14-саммитинин видеоконференция форматында өткөн ишине катышты.

Иш-чарага Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердимухамедов, Афганистан Президенти Ашраф Гани, Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Иран Президенти Хасан Роухани, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев, Пакистандын Премьер-министри Имран Хан жана ЭКУ башкы катчысы Хади Солейманпур катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ЭКУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлерин коронавирус пандемиясынан келип чыккан экономикалык жана социалдык кризистен чыгуу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырып, Уюмдун бул багытта жигердүү иш алпарууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгиледи.

Саммитте ошондой эле биргелешкен экономикалык, гуманитардык жана соода кызматташтыгын күчөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Последние новости