www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай өкмөтү коронавирус инфекциясынын жаңы пандемиясына байланыштуу маселелерде жетиштүү деңгээлде ачык-айкындуулукту көрсөтө албай жатат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди. Маектин тексти Мамлекеттик департаменттин сайтында жарыяланды.

"Кытай бул кризис башталганда, ал эң чоң мааниге ээ болуп турганда, ал тургай, тергөө иштери жүрүп жаткан учурда дагы толук жана эффективдүү ачык-айкындуулукту көрсөтө алган жок" деди мамлекеттик катчы.

Блинкен ачык-айкындуулук өткөн жылдар үчүн гана эмес, келечектеги окуялар үчүн да "маанилүү" экендигин баса белгилеп, жаңы пандемиянын алдын алуу ачык-айкындуулуктун жардамы менен болот деп эсептейт.

Маалымат үчүн, COVID-19 эпидемиясы коронавирустун "очогу" болгон Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында башталган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости