www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Аксы райондук ооруканасынын дарыгерлери ууланган адамдардын үйлөрүн кыдырып, бейтаптарды аныкташканын маалымдаган эле. Карагашалуу окуя тууралуу Ыктыяр Адылбеков төмөнкүчө пикирин билдирди.

--Бүгүнкү күндө Аксы районундагы Кара-Суу айылында жасалма арак 7 адамдын өмүрүн алып тынды. “Кыргызстан” партиясынан депутат болгон Эргешов Алмазбектин бир тууган эжеси Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрөайымы Эргешова Бурулкан аттуу айым, жакында боло турган айылдык кеңешке депуттык шайлоого катышуу максатында өз чөлкөмүндөгүлөрүнөн чогултуп эки күн мурда чай бергени айтылууда. Депутат болгусу келген эжекебиз анча-мынча арак-шарабын куюп элдин батасын алып узатканы менен сыйга келгендердин өмүрү, өлүм менен коштолуп, азыркы учурда 7 киши өмүрү менен кош айтышып 20 дан ашыгы ооруканада. Эргешов Алмазбектин эжеси Бурулкан айым дагы ооруканада экени айтылууда. Алар өкүнүчтүүсү спиртке суу кошуп ичишкен. Көзү өткөндөрдүн жакындарына көңүл айтам топурагы торко болсун, - деди.

Эске сала кетсек, 2-март күнү Кара-Жыгач айылындагы ашканада чогуу тамактанган адамдардын ичинен дагы 10 адам ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, баарынын абалы туруктуу орто оор абалда. Окуя болгон учурдагы тасма редакцияга келип түштү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости