www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков башында турган депутаттар тобу Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемесине барышты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемеси 75 адамга ылайыкташкан. Бул жерде үй-бүлөсүн жоготкон, үйүндө тил табыша албай калган, майып жана башка ушул сыяктуу ар кандай себептер менен келген кары-картаӊдар жашайт. Мекеменин кызматкерлери бул жердегилерди колдон келишинче социалдаштырууга, кандайдыр бир кызыктуу нерселер менен алектендирүүгө аракет кылышат.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы мекемеге 100 миӊ сомдун сертификатын тапшырды. Ошону менен катар Дастанбек Жумабеков мындагы карыларга өзгөчө көӊүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. Мындан сырткары, ал Карылар үйүнүн кызматкерлерине түйшүктүү иши, түшүнүү менен көӊүл буруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабековдун Талас облусуна болгон жумушчу иш сапарын депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коштоп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости