www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Аскат мырза, маек берет элемин деп суранып калдыңыз, кеп учугун уланта бериңиз...

--Биринчиден жалпы кыргыз калкыма салам жолдоймун. Албетте кеп учугун өзүм баштай берейин. Мени көпчүлүк Бакиевдердин тарапташы кабыл алат. Бирок бүгүн саясатчы, Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын төрагасы Акматбек Келдибеков тууралуу сөз козгогум келип турат.

--Демек, Сиз козгой турган сөз тактыкпы, кошоматчылыкпы же ачуу чындык...

--Мына ушул сиздин суроо деле мага такыр жаккан жок. Суроо бердиңиз эми жооп берейин. Албетте тактык менен ачуу чындык. Кечээ Кыргызстанда болуп өткөн Black Star Burgerдин ачылышына барган Акматбек Келдибековду соцтармакта ар кандай пикирде жаза баштады. Акыркы күндөрү Кыргызстандагылар соцтармактан бири-бирине көө жапканды өтө жакшы өздөштүрдү. Бул көрүнүш “кыргыз бири-бирин көрө албайт” деген сөздү анализдеп-изилдебей эле ачыкка чыгарып алдык, өтө оома калкпыз, бир туруп эле мактайбыз кайра жамандайбыз. Бир араб келип алты ооз сүйлөсө ыштан кийип алабыз, бир корей келип чаң-чуң деп ырдап койсо корей болуп жатып алабыз, айтор, аман эле бололучу. Маркум Улан Эгизбаев айткандай азыр диванда жатып алып соцсетте, “саясатчы, экспертмин”-деп төш каккылап жүргөн элдик сымал эксперттер көбөйдү. Мисалы Келдибековду жакындан тааныйбаймын деле, бирок кечээги иш-чарага Келдибеков жаштар менен барган жок да. Ал атайын сыйлуу конок катары чакырылды. Эмнеге Келдибеков сыйлуу конок катары чакырылганын жазбайбыз? Мына биздин чоң катачылык. Алар деле адам, эл менен эс алганга же чакырылган жерге барышы керек. Биртике деңгээлибизди көтөрөлү, сиз жегенди саясатчыда жейт да.

--Демек Келдибековдун бургер кармап олтурганы туурабы?

--Менимче туура эле... же Келдибеков "бургерди кармабайм мени сүрөткө тартып алат” деп ыргытып жибериши керекпи? Адамдын колуна алган оокатты ырыскы деп коёт. Мындай алып караганда накта көрө албастык. Кыргызда “эр жигитке 70 өнөр аздык кылат”, деп коёт. Ушул макал Келдибековго таандык. Мыкты экономист, дасыккан саясатчы, анча-мынча саясатчыга караганда эркек.

--Атамбаев, Келдибековду жемкорлукка айыптаган эле....

--Алмазбек Атамбаевди бүгүнкү болуп өткөн жыйында саткын, коррупционер, ууру, кылмышкер, байлыгынын эсебин ачыкка чыгарсын, камалсын деген эле эл. Ал өз элинде өгөйлөнүп олтурат. Бул өтө чоң – жаза. Жанындагы достору сатып кетти. Анын коколой башы кор болгонго аз калды. Тагдырдын тамашасы, убагында Келдибековду бир өзү караласа, эми аны жалпы эл, жанындагы достору менен табакташтары каралап, “камалсын” деп айкырып жатканы тирүүлүктөгү кордук. Ошондуктан Келдибеков өзү айткандай “Атамбаев Кыргызстанда азыр эч ким”. Кайтар дүйнө экен...Эми Атамбаев бийликтен кеткенден кийинки абалын терең түшүндү болушу керек анын азыркы арманы иттин бир жерине...

--Баса, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен байланыш кандай?

--Алар менен тыгыз мамиледемин. Баары жакшы ойдогудай.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости