www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды сатып алууга 6 миллион 667 миң 825 сом сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт.

Анын айтымында, парламенттин иш башкармалыгы тендер жарыялаган. Жалпысынан 143 ноутбук, анын ичинен 135 конференц-зал үчүн 5 миллион 909 миң 625 сомго ноутбук сатып алуу пландалып жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, парламент 12 LED-мониторду 71 миң 400 сомго сатып алат.

Сатылып алынган оргтехникалардын тизмесине 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер кирди. Жалпысынан аларды сатып алууга 2 миллион 893 миң 940 сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, 5-6-октябрда болгон башаламандыкта Ак үй кыйла кыйроого учураган. Парламент имаратка келтирилиген чыгымдарды аныктоо үчүн атайын комиссия түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости