www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш "Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Добуштар электрондук эсептөө системасы иштебегендиктен депутаттар кол көтөрүп шайлоо жолу менен саналды. Вице-спикер Мирлан Бакиров 60 депутат "макул", төртөө каршы добуш бергенин билдирди. Мыйзам долбоору кечээ биринчи окуудан өткөн. Жалпысынан документти бекитүү үчүн парламентке эки гана күн керектелди. Эми документ президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Талант Мамытовго кол коюуга жөнөтүлөт.

Маалым болгондой, референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү, тагыраагы, 10-январга белгилөө сунушталып жаткан. Референдумда кыргызстандыктар башкаруу формасын президенттик же парламенттик деп тандоосу керек болот. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости