www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу сунушун канааттандырган жок. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Сот ошондой эле 7-декабрда сот Атамбаевди №47 колониядан УКМКнын тергөө абагына которуу чечимин кабыл алган. Жактоочулар бул чечимге каршы даттанганы жатат.
"Алмазбек Атамбаевди 30-ноябрдан 7-декабрга чейин мыйзамсыз негизде камакта кармап турушат. Жогорку сот баш коргоо чарасын аныктаган эмес болчу. Эми сот аны камакта калтырууну чечип койду. Бирок айыптоочу тарап муну өтүнгөн эмес эле", - деди адвокат.
Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин абалы начарлап бара жатат. №47 абактын дарыгерлери андан көп ооруларды (бронхит, грыжа, пневмониядан кийинки башка оорулар) тапканы маалымдалды.
Булак: NazarNews.kg