www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев таңуулаган, он жылдан бери башаламандык жараткан Баш мыйзам мындан ары, тактап айтканда, 2021-жылдан баштап кыргыз элине иштебей турганы анык болул калды. Ошон үчүн Садыр Жапаров ачык эле айтып жатпайбы, «эгер мен бийликке келип калсам, биринчи кезекте «парламенттик башкаруу» демиш кылып алган партиялык коррупцияны, эч ким, эч нерсеге жооп бербеген, бир гана өздөрүнө ылайыкташтырып жазып алган башаламан Конституцияны кайрадан бир сыйра карап чыгабыз» дегенден баштап, Текебаев баш, Иманалиев төш болгон жана башка «оппозициядабыз» деген саясий шылуундар караманча жер тепкилешип, карышып калганча каршы туруп жаткандарынын себеби ушунда.
Башаламан мыйзамдар менен дагы деле болсо эч нерсеге жооп бербей, бийликтин бутагына илешип, акырынан жем жеп, сүйрөлүп жүрө бергилери келишет.
Буларга Кыргызстандын эртеңки келечеги бир тыйын экенин жана эртең маа десе бизден кийин чөп чыкпасын дегенчелик кылып жаш балдардын башын айлантып, мыйзамсыз жолдорго түртүп жатышат.
Ал эмес эмитен эле «эгер Садыр Жапаров президенттик таймаштан утуп келсе, биз аны тааныбайбыз» дегенчелик кылып да жатышат. Азыркы бийлик «Баш мыйзамыбыз элге гана кызмат кылгыдай жана экономиканы алдыга жылдырып кете ала тургандай кылалы» деп Конституциялык кеңешме түзүп, Конституцияга оңдоп-түзөөлөрдү киргизип, «зарыл болсо жаңы жазалы» дешүүдө. Мунун эмнеси жаман?
«Элибиз 30 жылдан бери тентип, өлкөбүз ар кимден карыз сурап, думана болуп туңгуюкка такалдык.
Келгиле, жапатырмак ушул кризистен суурулуп чыгалы?» деп жатышса, капталдан чыга калып тизеге чаап, тургузбастын айласын кылышууда.
Азыркы бийликте отургандар жана Бекбосун Бөрүбашов баш болгон Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү дагы «ой, такыр эле жерип сындай бербей, келгиле, оюңар менен бөлүшүп, сунушуңарды бергиле? Кыргыз эли үчүн чогуу иштешели» деп жатышпайбы?
Ал эми жогорудагыларга эптеп эле «бөйрөктөн шыйрак чыгарыш керек» болуп жатыптыр. Болбосо, ошол чуулдатып жаткандар өзү 20дай эле саясий чайкоочулар, аларга жабышып, Текебаев жазган башаламан Конституцияны жактап жүргөндөр 40-50дөй эле адамдар жана «Азаттык» баш болгон 3-4 маалымат каражаттары.
«Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын кошо боёптур» дегендей, массалык маалымат каражаттары сөз эркиндиги деп демократияга жамынып алып, элге бир жактуу маалымат таркатуу менен алек.
Болбосо, Текебаев жазган Баш мыйзамдын чийки жерлери абдан көп, муну эмне үчүн баса белгилеп, көзгө сайып көргөзүп айтышпайт дагы, Садыр Жапаровго асылышып, «бул бийлике келсе «супер президент» болот» деп эмитен эле элди тескери жакка бурганга жан үрөп жатышат?
Бирок элдин 90%ы булар канчалык барабан кактырып, сурнай тарттырып жамандашпасын, президенттик башкарууну жана «бир эле учурда өкмөт башында туруп, жоопкерчиликти эки эсе алып иштеп берем» деп жаткан Садыр Жапаровго акыркы үмүтүн байлап отурушат.
Эгер Ө.Текебаев, Р.Отунбаева, К.Иманалиев жана башкалар референдумга коюлуп жаткан президенттик же парламенттик башкаруу деген таклиптин президенттик дегени жакпай жатса, колдобой ак коюшсун!
А жалпы эл президенттик башкарууну канча пайыз менен колдоп чыгашканын көрө жатат элек. Ошону менен катар массалык маалымат каражаттарынын элдин оюн жана мүдөөсүн чагылдыргандын ордуна кайра-кайра «көпчүлүк антип жатат, минтип жатат» демиш этип, калпты-чынды койгулап, 6 милллион элдин башын айлантып жаткандардын дагы бети ачылып, Кудай буюрса, бир айдан кийин ашкереленип, «гүлчөтайдын» мына ошондо накта жүзү ачылаарына баарыбыз күбө болорубуз алыс эмес. Мына ошондо эмне айтаар экенсиңер?
Булак: "Азия News" гезити