www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-июнда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин батыш залында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын отуруму өтөт.
Бардык кызыккан тараптарга эшик ачык. Отурум ачык өтөт. Комиссиянын ишине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн бүгүн, саат 12:00гө чейин 63-92-00 телефон номуруна чалып катталууларын өтүнөбүз.
Белгилей кетсек, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында атайын комиссия түзүлүп, анын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, “Республика – Ата Журт” фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынан Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, “Бир Бол” фракциясынан Бактыбек Турусбеков, “Ата Мекен” фракциясынан Каныбек Иманалиев кирген. Ошондой эле комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күн деп белгиленген.
Булак: "NazarNews.kg"