www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өтүкчүнүн өтүк ултарганы дурус”, ар кимдин өз иши бар. Арийне, акыркы мезгилдерде саясатчысыбы, мурунку президентпи, же башка тармактын кызматкериби бардыгы журналист болуп кетишти. Туура, баары өзүн “кара пиардан” сактагысы келип жатат. “Азаттык” үн алгысы социалисттик идеологиянын эң башкы душманы болгон. Ошондуктан, “Азаттыкты” түптөгөн Азамат Алтайды угууга бир гана Кыргызстанда эмес, бүт чоң аймакта тыюу салынган. Заман өзгөрүлгөн соң, “Азаттык” суурулуп алдыга чыкты, керек кезде бийликтин маалыматын тебелеп кетип жүрдү. Муну экс-премьер Николай Танаев мойнуна алган: “Биз маалымат майданынан жеңилип калдык” –деп. Ошондуктан, “Азаттыкта” кыргыздын калыс, таасын, күчтүү журналисттери орун-очок ала баштаган. Арийне, “Азаттыктын” башкы позициясы караламан калкты бүгүнкү дүйнөдөгү маалымат менен  камсыз кылып, улуттук маданиятты, адабиятты көтөрүү болгону менен, кээ бир жерде  кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы аркалуу кимдир бирөөлөрдү каралап, маскаралап жалган маалымат менен иштеген кесиптештерибиз бар экен. Ошондой кесиптештерибиздин бири жакында маалыматтарды бурмалап, буюртма аркылуу Матраимов тууралуу жалган фактыларды берүүгө аракет жасаган. Раим Матраимовду эмнеге каралап жатышат , ушул тууралуу ойлорду айта кетели:

1. Раим Матраимов Ош бажысын жетектеп турганда 2015-жылы ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев тарабынан Кыргыз Республикасынын Бажы кызматына алып келинген. Албетте, премьер-министр Темир Сариев бул кызматка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин уруксаты, кеңеши жок алып келе алмак эмес. Демек анын Ош бажысындагы иштеп жаткан иш стили ошол кездеги бийлик жетекчилерге жаккан.

2. 2015-2017 – жылдары Бажы кызматында орун басар болуп турса да Бажы кызматындагы көмүскө кетип жаткан акча каражаттары кан буугандай тыйылып, биздин бюджетибиздеги Бажы боюнча коюлган тапшырылган пландар ашыгы менен аткарылып турган.

3. 2017-жылдын сентябрь, октябрь айларында гана Бажы кызматы алдыга коюлган пландарды аткара ала алган эмес. Мунун Раим Матраимовго тиешеси деле жок. Анткени, экономикалык тараптан союздашыбыз ЕврАзЭС, анын ичинде Орусия, Казакстан, Белорус, Армения. Кыргызстан менен бул мамлекеттер менен түзүлгөн келишим боюнча дээрлик экономикабызды көтөрө турган товарлар ушул жактан келет. Албетте, алар Бажы аркылуу өткөндүктөн Бажы боюнча төлөмдөрдү көбөйтөт. 2017-жылдын сентябрь, октябрь айларында ошол кездеги Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ортосунда болгон субьективдүү карама-каршылык бюджетибизге да чоң жоготуу алып келген. Казакстанды күнөөлөш үчүн ошол кездеги маалыматтар Кытайдын Казакстанга  жөнөтүп жаткан товарларынан чоң айырма тапкан, бирок муну белгилүү деңгээлде далилдей алган эмес.

4. Кыргызстандын ар бир жараны президент сыяктуу эле укугу бирдей . Машинасын кайсы жерге токтотсо укугу бирдей. Түшүнүксүз нерсе Атамбаевдин кызы машинасын токтото турган болсо, башка жарандар ордун бошото коюп, чөгөлөш керекпи? Матраимовдун жакындары Атамбаевдин кызынын кыялына каршы иш кылган, ордун бошотпой койгон. Ошол үчүн Матраимов куугунтук жеп,ошол кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаков тарабынан кызматынан бошотулуп, чет мамлекетке куугунтукталып кеткен.

5. Бул иш мыйзам ченелүү каралып Раим Матраимов кызматынан туура эмес кеткенин сот далилдеген.  

 15-июнда "Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын” жарыялаган "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөттү. Репортажды даярдаган журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айтат.

Ошондой эле, репортажды даярдоонун жүрүшүндө банк дүмүрчөктөрүнүн чын же калпын аныктоо максатында атайын эксперимент жасап көрүшкөн. Анда "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов иликтөөсүндө көрсөткөн дүмүрчөктөрдө жазылуу Түркиядагы банкка барышып, ошол банктан Кыргыз өлкөсүнө акча которушкан. Акча которуу учурунда билдирме өз колу менен толтурулуп, транзакциянын аягында дүмүрчөк берилген.

Ал дүмүрчөк менен "Азаттык" өз иликтөөсүндө жарыялаган дүмүрчөктү салыштыра келгенде, Али Токтакунов көрсөткөн дүмүрчөктө бир топ грамматикалык жана орфографиялык каталар бар болуп чыккан. "Бул репортажда Кыргыз мамлекетинен которулган 700 миллион долларга кайсы бир чиновниктердин тиешеси бар болушу мүмкүнбү деген гана суроо болчу. Иликтөөдө жарыяланган документтер жасалма экенин далилденгенинен "Азаттыктын" коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон таза ниетин кимдир бирөөлөр пайдаланып, ишенимдүү булактары жасалма документтерди сунганбы деген ой жаралат.

Кызыкчылыгы бар адамдардын артынан ээрчип кетпеш үчүн кыргыз журналистикасы дагы көп нерселерге үйрөнүп, колго тийген документтерди жарыялоо алдында жети өлчөп бир кесе турган учуру келди", - деп Элнура Алканова репортажды аяктады. Буга чейин "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости