www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында башка өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга 75 орун бөлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинен Өзбекстан 30, Тажикстан 25, Түркия 10, Казакстан 5, Кытайда жашаган кыргыздарга 5 квота бөлүндү.

Бул квота “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка ылайык берилди. Окууга тапшыруунун шарттары бул жакта.

Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашайт. Аларга жылына жогорку окуу жайларга квота берилет. Министрлик учурда канча этникалык студент бар экенин маалымдаган жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости