www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаар мэрин бут кийим менен чапкан Орусиянын Углегорск шаарынын тургуну Людмила Аникеевага эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Ушул жумада социалдык тармактарда Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренконун Углегорск шаарынын калкы менен жолугушуусун чагылдырган видео жарыяланган. Видеодо аял алгач үйдөгү нымдуулуктан улам көк басып калган бут кийимди көрсөтүп андан кийин бут кийим менен Углегорск шаарынын акими Дмитрий Цукановду чаап жиберген. Кийинчерээк полиция аялды алып чыгып кеткен.

Бул видео кызуу талкууга алынган.

Президенттин Ыраакы Чыгыштагы өкүлү Юрий Трутнев облус жетекчилигине Углегорск шаарындагы авариялык имараттын тургундарын көчүрүү боюнча кырдаалды тез арада чечүүнү тапшырган. Аталган окуядан кийин бир сутка өтпөй Аникеевалардын үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батир берилген.

"Жаңы турак-жай бизге абдан ылайыктуу. Анткени ал Углегорск шаарынын борборунда, уулум окуган мектептин жанында жайгашкан. 2019-жылдан бери созулуп келе жаткан маселенин ушундай тез чечилиши үчүн биздин үй-бүлө Юрий Петрович Трутневге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Ансыз менин ишим таптакыр башка нукка бурулмак деп толук ишенем», - дей мэрди бут кийим менен чаап жиберген  Людмила Аникеева.

 

Последние новости