www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таза жол менен иштеп тапкан күндө деле бизнес менен саясаттын Жолу башка. Жол деген кыргызда улуу түшүнүк. Жол бузулса эл бузулат. Мыкты ишкер сөзсүз эле мыкты саясатчы боло алат дегенге эч кандай кепилдик жок. Тескерисинче, көбү парламентке барып алып бизнесин коргоп же ошого жеңилдетилген шарт түзүшү мүмкүн.

Айрыкча байлыктын жолу менен бийликтин жолу эч качан аралашпашы керек. Суу таза турса жаман нерсе эмес. Топурак өзүнчө таза турса да жаман нерсе эмес. Бирок суу менен топурак аралашса ылай болот. Кыргыздын 30 жылдан берки шору ушунда. Ар нерсенин Жолун билбей бири-бирине аралаштырып алып, улуу кызыкчылыкты кичүү кызыкчылыкка басып берип азабын өзүбүз тартып отурабыз.

Аралашпай турган нерсени аралаштырып жиберген ашмалтай жорук дүйнө жүзүндө кызыкчылыктар кагылышы деп аталат. Кызыкчылыктар кагылышына жол бербеш үчүн мисалы бажыда иштеген киши жеке менчик фонд түзбөшү керек.

Бажынын башчысы логистикалык борборго ээлик кылбашы керек. Коопсуздук күчтөрүнө кол салган киши коопсуздук органдарынын жетекчилигине эмес, жөнөкөй кызматына да жакын жолобошу керек. Актала элек киши эч кайсы жогорку мамлекеттик кызматка шайланбашы керек.

Ушундай элементардуу эрежелер бузулса демек мамлекеттин негизин түзгөн Жол бузулат. Бизде бузулмак тургай ит ашы кара буламык болуп жатып калды.

Булак: Жаңы Ордо гезити

 

Последние новости