www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол транспорт министри болуп келген Жанат Бейшеновду ишке келген күнү эле депутат Р.Момбеков дароо эле сын айткан. Анткени ал кишинин алган кесиби жол тармагына такыр төп келбегенин, ал турсун жардамчысынын дагы кесиби жол оңдоого такыр каршы кесип экенин айтып, “жол тармагын билген кишини ишке алсаңыз болмок” деп айтканы бар. Эми минтип иш али баштала электе эле жол оңдоо тармагында чоң “косяк” кетип, Ош-Баткен, Исфана жолун оңдоп жаткан “Чакряп” деген аталыштагы ишкана жол оңдогон кишилердин айлыгын бербей, ал турсун бул ишкананын директору “өлкөдөн качып чыгып кетиптир” деген дагы каңшаар айтылып жатат.
Андан дагы кызыгы “мындай ишкана жок” деп да айтып чыккандар болду. Жол оңдоого акча бөлүп коюп, эч ким оңдоп жаткан фирманы билбегени ар тараптуу ойду пайда кылат экен. Эгер жол оңдогон кишилер нааразычылык акцияга чыгышпаган болсо, дале ким ал жолду оңдоп, салып жатканы белгисиз бойдон калмак экен. Ушул ишти билбеген жол транспорт министрлигиндегилер каякты карап, эмне кылып жүрүшөт? Айткандай “кыйрата коём” деп келген Жанат мырза деле эч нерсени жасай албасы билинип калды көрүнөт. Жол салып жаткан ишканага очойто акчаны которуп коюп, ал эмне ишкана экени боюнча маалыматы болбосо, эмнени жыргатат дегендер да чыкты. Кыскасы, тамаша эми башталмай болуп калды көрүнөт.
Күтө туралы.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg