www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, жакында Нооруз майрамы болуп, көчө толо эл Ноорзу майрамын майрамдап, балдарын алып чыгып айтылуу Панфилов паркына ойноткону келишип, антракционный оюндарга акча төлөп балдарын ойнотуп жатышты. Бери жакта бажырайып 60 сом деп жазылып турса, ошол жерди иштеткендер ачык эле 80 сомдон алып, же бир кыркып берген квитанциясы жок, өз билгендерин кылып жатышты.
Балдар ойногон жерде ушундай өзүм билемдик күч алып жаткан соң, башка жакты кеп кылганда эмне?
Деги эле Панфилов паркындагы балдар ойной турган антракционный оюндарды теске салган бирөө жарым бар болду бекен? Бери жакта бажырайып жазылып турган бааны эске албай, ашыкча акча алган жарандар мыйзам чегинде жооп береби же өздөрүн-өздөрү билип, каалаганын кыла беришеби?
Бул тармак деги кимге карайт? Акчаны апыртып алып жаткандар ачык эле “колуңардан эмне келет” деп жаткандарына караганда таянгандары чоң өңдүү. Болбосо анчалык опулдашпайт эле.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg