www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Жолдошбек агай, сизди коомчулук журналист жана аналитик катары жакшы тааныйт. Бирок акыркы учурда көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алексиз?
--Учурда пенсияда болгон соң үйдө элемин. Айрым учурларда гезиттерге маек берип коюп жатам. Өткөн 2016-жылы Башмыйзамга толуктоо жана оңдоо киргизүү маселеси тууралуу кызуу талаш болбодубу, ошондо интернет ресурстарында өз курамымды түзүп алып элди туура багытка салганга шымаланып күнү-түнү иштедик. Себеби 2016-жылы октябрь айында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, И. Исаков, Э. Ибраимова, К. Дүйшөбаев, Э. Каптагаевдер конституциялык реформага, бул боюнча референдумга каршы кыргызстандыктарга кайрылуу жасашпадыбы, элдин бир катмары ошол учурда бул кайрылууга да ишенип алышкан эле. Башмыйзам эмнеликтен өзгөртүүгө зарыл болуп жатат, 2010-жылкы Башмыйзамдын 6, 26, 31-беренелери туура эместиги, бул ушул боюнча калса, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө зыян алып келе тургандыгы боюнча эки ай түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. 2016-жылы Конституцияны өзгөртүүгө каршылар соцжеледе атайын бир канча адамдарын отургузуп тескери маалымат жүргүзүп жатышты, Кыргызстанда чет өлкөдө жашагандар аркылуу.
Менимче бул аракет текке кеткен жок. Ошол талашта Конституция боюнча референдум өткөрүүнүн талапташтарын буга каршылар жаман сөздөр менен мазактагандар, сөккөндөр да болду, бирок декабрдагы жалпы элдик добушта эл өз сөзүн “макул” деп айтышты. Коомго кайдыгер карагандарды саясий терминде “пирронзм” деп коет, бизде пирронисттер үстөмдүк кылат. Өлкөнүн келечеги үчүн акыл-эстүү, билимдүү, кайдыгер эмес адамдар аракет кылбаса, анда тескери, арам күчтөр үстөмдүк кылып кетет. Азыр көбүнчө адабият, тарых менен алекмин.
--Жашыңыз улгайып калса дагы соцтармактарды, анын ичинен Фейсбукту мыкты өздөштүрүп алгандайсыз. Ал жактан залкарлардын мыкты чыгармаларынан үзүндүлөрдү маал-маалы менен жарыялап жатканыңыз интернет колдонуучуларын кубандырууда. Окурмандардын суусунун мыкты чыгармалар менен кандыруу үчүн аталган тармакты колдонуп жатасызбы же башка дагы зарылчылыктар пайда болдубу?
--Соцжелени колдонуучу кыргызстандыктар азыр Одноклассникиде 1 млн. 200 миң, Фейсбукта 260 миң, Твиттерде 280 миңди түзөт. Бул чоң аудитория. Чет элдик глобалисттер соцжелени бизди дагы башка элдерди билимдүү, илимдүү болсун деп ойлоп чыгарган эмес. Алар башка максат үчүн ойлоп чыгарышкан. Алсак, глобалисттер соцжеле аркылуу миллиондогон адамдарды чыныгы баалуулуктардан, билимден алаксытып, акыл-эсти бөксө, тайкы кылуу үчүн.
-- Ошондой эле соцжелелер азыр дүйнөдөгү эң кирешелүү тармакка айлангандан улам ири киреше табууну дагы көздөшөт эмеспи?
-- АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги (АНБ) жер бетиндеги интернет колдонуучуларды, уюлдук телефондук сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп турганын Россияда башпаанекте жүргөн АКШнын атуулу, БЧБнын (ЦРУ) мурдагы кызматкери Эдвар Сноуден 2 жыл мурда айтып чыкты. Андан мурда “Викликс” интернет сайтынын негиздөөчүсү Австралиянын жараны Джулиан Ассандждын жазгандарын далилдеди. 2011-жылы “Араб жазы” аттуу мамлекеттик төңкөрүштөр дал ушул соцжелелер аркылуу куралдуу көтөрүлүштөр жасалган. Соцжеленин негизги максаттары ушулар. Демек бул тармак өтө коркунучтуу курал. Менин Фейсбукта отурганымдын себеби ушуга байланыштуу. Көптөр Фейсбукка акыр-чикирлерди, аймактык жаңжалды тутантуучу, бийликтегилерди эч бир фактыга таянбастан сындап, мазактап, аброюна шек келтирүүчү пикирледи жаза беришет. Мен ушуну билип, соцжеленин зыянын айтып, ар дайым каршылашкан жаштарды ынтымакка чакырган “мекендештер, силер глобалисттердин максаттарына каршы соцжелени туура пайдаланып, билим, маданият, элдин көйгөйү тууралуу темаларды талкуулагыла, убакытыңарды текке кетирбегиле” деген сыяктуу пикрлерди жазып турам.
Бир жылдан бери дүйнөлүк поэзиянын шедеврлери болгон Омор Хаям, Рудаки, Руми, Хафиз, Ж. Баласагын жана да Калыгул, Арстанбек, Токтогул сыяктуу акындардын жана башкалардын ырларын берип жатам. Быйыл ааламдын адамы Сагымбайдын 150 жылдыгы, Мидинге 100 жыл. Бул акындын күлкүлүү окуяларын берип жатам, окугандар арбын. Мындай кадам менен мен Фейсбук колдонуучуларды чыныгы кундуу, наркуу маданиятка жетелеп, рухий жардылыктан аздыр-көптүр арылтууга аракет кылуудамын. ФБдагы барагымдан көптү окусаңар болот.
--Сиз кыргыз мамлекетин түптөгөн, улуттук маданиятка зор салым кошкон, анан дагы “Манас” дастанын жаңыча иликтөөгө алган китеп жазып жатканыңызды эшиткен элек...
--Ооба, 2014-жылы XIX кылымдагы жалгыз улуттук баатыр Тайлак, улуттун кеменгери Жусуп Абдрахманов, кыргыздын туўгуч агартуучусу Ишенаалы Арабаев, теңдешсиз манасчы Сагымбай, кыргыздын атактуу өнөрпоз кыздары Мыскал Өмүрканова, Бүбүсара Бейшеналиева, дагы сегиз улуу инсан тууралуу бир китеп жаздым эле, анын уландысын теңдеп койдум. Мындай инсандарды жазуу өтө көп убакытты алат, себеби фактыларды кылдат такташ керек. Ал эми “Манас” дастанын изилдөөмдүн мурда бир азы гезиттерге, 2014-жылы китебиме басылган. Эми толук даяр десем болот. Байыркы грек тарыхчысы Геродот: “Фразеология тарыхты күрөп чыгаруучу курал” деп жазыптыр. Бул чындык. Мен “Манас” дастанындагы адам аттарынын келип чыгышын лингвистикалык өңүттө изилдедим. Бул көптөргө кызыгууну жаратууда. Орус тарыхчысы академик Анатолий Олвинцев “Чыўгыз хандын убагында моўгол деген улут болгон эмес, Евроазияда түрк уруулары болгон, моўгол этносу ХVII кылымда түрк уруулары менен манжулардын ассимиляциясынын натыйжасынан этнос, моўгол тили пайда болгон”,- деп чыкты. Менин 26 жылдан берки “Манас” боюнча изилдөөм А. Оловинцевдин пикирине үндөшүп турат.
--Аксакал катары коомдогу болуп жаткан окуяларга калыс пикириңизди билдирип келесиз. Сурайын дегеним, өлкөбүздөгү бүгүнкү саясий кырдаалга кандай баа бересиз?
--Өлкөдө саясий кырдаал туруктуу эле, 2010-жылы 7-апрелде курман болгон баатырлардын топурагы кургай электе, кан төккөн азаматтар ооруканаларда онтоп, кансырап жатканда алардын көңүлдөрүн суроонун ордуна байлык топтоп жүргөндүгү шек жаратып жаткандардын жалданма адамдары анча-мынча “добуш чыгарган” болушууда. Бул “үн чыгаргандардын” арасында өйдөтө айтып кеткен конституциялык реформага каршы чыгышкан Р. Отунбаева, Б Шерниязов сыяктуулар, дагы нечен жылдар бою чет элден “жем жешкен”, бирок улуттун кызыкчылыгын көздөбөгөн БӨУнун (НПО) өкүлдөрү жүрүшөт. Булардын катарын канкор Бакиевдин адамдары да толуктап жатат. Маалымат айдыңында, өзгөчө интернет булактарында азыркы бийликти каалашынча жамандап жатышат. Бирок алар жакшы билишет, азыр бакиевдик диктатура мезгилиндей буйрутма киши өлтүрүү жок экендигин, газ, энергия өчпөгөнүн, ири курулуштар жүрүп жатканын, бирок ошентсе да, коомдук пикирди жаратууга кам үрөшүүдө. Бийликте эң орчундуу маселе - “конформизм” деп аталган көрүнүш орун алган. Конформизм - бул бекер окатты жеп-ичип көнгөн адамдардын кайсы бийлик болбосун амалын таап ыңгайлашып, майлуу кызматка ээ болуу. Жалпак тил менен айтканда, “жөргөмүштүн жөтөлгөнүн, кумурсканын кусканын билген, таш бакадан жүн кыркып, шайтанды алдап, арагын бекер ичип пайда көргүсү келген” адамдар. Бийликти артка тарткан, жаманатты кылгандар ушул конфористтер. Президент бул көрүнүштү туура түшүнүп, буларга карата чечкиндүү кадамга барам деп жатат, аны мезгил айкындайт.
--Маданий жана экономикалык абалга карата да айта турган пикириңиз бардыр?..
--ХIХ кылымда немец философу Фридрих Ницше: “Коомдо бир эле саясатты талкуулап маданиятка кайдыгерлик кылуу мамлекетти өнүктүрбөйт” деп жазган экен. Бул чын сөз. Маданият менен саясат бири-бирин толуктап туруш керек. Себеби адамзаттын асыл нарктары: намыс, эрдик, боорукердик, чынчылдык, адалдык, сабырдуулук, чыдамкайлык, абийирдүүлүк сыяктуулар көркөм маданиятта берилет. Саясат ушул асыл нартарга сугарылышы керек. Социалдык деген түшүнүк дал ушул багыттагы иш.
--Сурообуздун өңүтүн чыгармачылыгыңызга бурсак. Сиз “Манастан” баштап, чыгыш, орус, батыш поэзиясынан жатка айта билген адам катары жан дүйнө сандыгындагы рухий мүлктү окурмандарга, жаштарга жеткирип берүү үчүн кандай аракеттерди жасоодосуз?
--Улам жаш улгайган соң бу турмушта көптү көрүп, өткөн турмушту көрүп-билип калган адамдардан көптү угуп, китептерди окуп, айтор көркөм маданияттарга сугарылып акыл толуп турат экен. Бул багытта атайын деле иш жазган жокмун, бирок Фейсбук аркылуу кыргыздын улуу инсандарынын накыл сөздөрүн, “Манас” дастанындагы айтылган сөздөрдү, окуяларды чечмелеп, деги эле чыгыш генийлеринин улуу ачылаштарга жасаган иштерин европалык илимпоздорго салыштырып окурмандарга сунуш кылып жатам. Жакында заманыбыздын мыкты уулу акыны Шайлообек Дүйшеев экөөбүз “Азаттык” радиосундагы “Миң санат” берүүсү үчүн улуттун наркы тууралуу маек курдук, бул маек 5-март күнү эртең менен кечинде берилди. Шакем: “Маанилүү, максаттуу да тема болду, ушул теманы улай берели”,- деп жатат. Мен макул болдум.
Руслан Замирбек уулу
Булак: "Мантыш"