www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош — Ноокат жолун октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ноокат районуна (Ош облусу) барып, селдин кесепетин жоюу иштерин көрүп чыккан.

Жыйынтыгында эл менен жолугуп, тийиштүү жетекчилерге октябрдын аягына чейин Ноокаттагы 19,5 чакырым жол жана үч көпүрө толугу менен бүтүшү керектигин милдеттендирди.

"Жолдун сапатына укмуш көңүл бурулат. Мамлекеттин акчасын коротуп куруп, бир-эки жылдан кийин кайра жол салып жүргүчө, курбай койгон жакшы. Ошондуктан жолдун ар бир метринин сапаты текшерилет", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал транспорт министрлигине жолдун өздүк баасын көтөрбөө зарылдыгын айтып, эгерде каражат максатсыз пайдаланылса жоопкерчилик каралганын эскертти.

Последние новости