www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Иш-чарага окумуштуулар, академиктер, адабиятчылар,Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, учурдагы парламенттин депутаттары катышууда.

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев улуу калемгердин көсөмдүгүнө, даанышмандыгына анын өмүр-таржымалы менен дүйнөгө таанымал классикалык чыгармаларынан мисалдарды келтирди. Ошону менен катар экс-төрага Жогорку Кеңештин бир жыйынын улуу жазуучубуз Ч.Айтматовго арнап өткөрүүнү сунуш кылды.

Саясат таануу илимдеринин доктору Жумагул Сааданбеков гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов жашаган мезгил тарыхтын трагедияга жык толгон окуяларына туш болгондугуна тарых барактарындагы чоң-чоң окуяларды тизмектеп берди. Ж.Сооданбеков кылымдарда бир жаралган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун теңдешсиз бир өзгөчүлүгү – ал көркөм сөздүн гана устаты эмес, улуу ойчул, философ экендигин баса белгиледи. “Ч.Айтматов бизге эбегейсиз бай мурастарды калтырып кетти. Эми элибиздин рухий дүйнөсүн ал байлыктар менен байытуу милдети турат”,-дейт ал. Мындан сырткары, илимдин доктору бүгүнкү өтүп жаткан илимий-практикалык конференцияга жогору баасын берип, мындай алгылыктуу саамалыкты салтка айлантууну сунуш кылды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости