www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайванда банк кызматкери каражат төлөнө турган эмгек өргүүнү 32 күнгө узартуу амалын тапканын Oddity Central порталы жазды.

Жергиликтүү мыйзамдар боюнча никеге туруп жаткан жаран сегиз күндүк эмгек өргүү алууга укуктуу. Бирок бул сегиз күн тайвандык жигитке аздык кылып, ал Эмгек кодексинде жазылгандарды амалдуу колдонуп кеткен.

Жигит сүйүктүүсүнө үйлөнүп, бирок эмгек өргүүнүн акыркы күнү аялы менен ажырашкан. Эртеси күнү ал аял менен кайрадан баш кошуп, дагы сегиз күн алган. Ал муну менен токтоп калбай, үч жолу ажырашып, төрт жолу үйлөнгөн. Натыйжада 32 күнгө эмгек өргүү акысын алган.

Бирок банк акыркы өргүү үчүн каражат төлөөдөн баш тарткан. Анда жумушчу Тайбэйдеги шаардык Эмгек бюросуна арыз менен кайрылып, банкты мыйзам бузууга айыптаган. Компаниянын башкармалыгы болсо апелляцияга берип, жумушчу өзү тартип бузгандыгын билдирген.

Эмгек бюросу тергөө иштерин жүргүзүп, чечимди кызматкердин пайдасына чыгарган. Мындан улам жумуш берүүчү "жабырлануучуга" 700 доллар айып пул төлөп берүүгө аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости