www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков алдыны көрө билбегени, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаганы, кекчилдиги жана коррупцияга батканы менен талкуу жаратып келген. Акыры тар кызыкчылыктар менен тырышып жатып, өткөн октябрдагы окуяларда бийлигин тарттырып жиберди. Элибизди дагы үч жыл кыйнабай, кызматынан кеткени эп болду.

Убагы келгенде Соке кылган иштери үчүн жоопкерчиликке тартылышы ажеп эмес. Ал эми жан-жөөкөрлөрү чекесинен камалышып, «кускандары» түрмөлөрдөн бошоп чыгышууда.

Эске салсак, мурдагы бийлик учурунда сот, прокуратура, дээрлик күч органдарын тейлеген Алмамбет Салиевдин эч нерсеге жооп бербей, эркиндикте тайраңдап жүргөнү таңгалдырат. Бул оён президенттик аппараттын орун басары катары ошол эле радио жыштыктагы, «Дастан» заводундагы, «Мегакомдогу, «Акнеттеги», Кумтөр, ж.б. коррупциялык иштерди көзөмөлдөп, бийликтин рычагы менен маселе чечип турганы жалганбы? Сооронбай Жээнбековдун былык иштерин, финансылык купуя сырларын тескегеничи? Саясый куугунтуктарды жүргүзүүгө болгон салымын кайда жашырабыз?

Айтор, «терс каармандын» колу булганыч! Бүгүнкү бийлик кийинки чиновниктерге сабак болушу үчүн Алмамбет Салиевдин кылган иштерин калыстык иретинде текшертип, кылмыштары ачыкталса тезинен камакка алышы зарыл.

Ошондо гана башкаларга үлгү көрсөтө алабыз. Ал эми «чабактарды», буйрук аткаргандарды жазалоо менен аброй таба албайбыз. Сокеден кийинки «сок билеги» Алмамбетти жазалоо күндүн талабына айланып турат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости