www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир Бол» фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекеттин, элдин ырыскысын жебегенин айтып, куран алып карганганы жалпы журтка маалым. Ал ошондон бери талкуудан түшпөй, УКМК февраль айынын башында камакка алып, ондогон объектилерин, үй мүлктөрүн ачыктап, жер жайнаган байлыктарын тизип салган.

Эки айдай камакта жаткан Жумалиев акыры тергөө менен кызматташып, 1 миллиард сом мамлекеттин казынасына төгүп берди. Үй камагына чыкты. Бул көрүнүштөн улам эмнени түшүнөбүз? Анын айыптуу экенине, мамлекеттин эсебинен жеп ичкенине көзүбүз жеттиби? Эмне үчүн Жумалиев күчтүү адвокаттарды жалдап, ак экенин далилдөөгө батынган жок?

Сыягы, тергөөдө көп былыгы чыгып, буйтап кете албай калдыбы? Түшүнүксүз суроолор арбын. Иш жүзүндө күнөөлөрүн моюндап жатканы ушулбу? Айтмакчы, Жумалиевдин куран кармап актанып, карганганын кантебиз? Уруп кетпейби?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости